Оор мезгилдер артта калды: Баткендин катылган потенциалы ачылууда

Аймак 13 октябрь 2026 17:50
Оор мезгилдер артта калды: Баткендин катылган потенциалы ачылууда
copyright icon www
Кабар

Бир нече ондогон жылдар бою Баткен облусу экономикалык обочолонууга жакын шартта жашап келди. Кыргызстандын башка аймактары менен транспорттук байланыштын начардыгы, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек аралык талаштуу аймактарга байланыштуу чыңалуунун сакталышы, социалдык көйгөйлөрдүн курчушу жана жергиликтүү бийликтин аларды чечүүгө дараметинин жетишсиздиги акыркы 30 жылда аймактын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келген.

Бул убакыт аралыгында өлкөнүн эң батыш тарабындагы аймакта бардык завод-фабрикалар жабылып, шахталар менен кендер иштебей калган.

Натыйжада калктын бир бөлүгү туулган жерин таштап, чет өлкөлөргө жумуш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Анткени ошол учурда жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигин камсыз кылып, киреше табуусуна шарт түзгөн башка мүмкүнчүлүктөр дээрлик жок эле.

Бүгүнкү күндө Баткен жалпы өлкө менен катар өзгөрүү жолуна түштү. Жаңы өндүрүш ишканалары ишке киргизилип, ири инвестициялык долбоорлор талкууланууда. Ошондой эле аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана коңшу өлкөлөргө багыт алган транспорттук коридорлорду түзүү максатында жолдор курулууда.

Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен мамилесин союздаштык принциптеринин негизинде өнүктүрүүдө. Талаштуу аймактар боюнча бардык пикир келишпестиктерди жөнгө салгандан кийин Бишкек, Ташкент жана Душанбе жакын союздаштар катары Фергана өрөөнүндө жана чек арага чектеш аймактарда ишенимди бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүгө багытталган кеңири мейкиндикти түзүп жатышат.

Баткенди алдыда чоң өзгөрүүлөр күтүп турганын облуска иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров айтып берди.

“Бүгүн мен силерге эң оор мезгилдер артта калганын ишенимдүү түрдө айта алам. Эң башкысы мамлекеттик чек араларыбыз толук аныкталып, аймактын коопсуздугу камсыздалды. Ошондой эле жол куруу жана энергетиканы өнүктүрүү сыяктуу турмуштук мааниси чоң социалдык маселелер чечилди. Эми алдыбызда облустун экономикасын көтөрүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу милдеттери турат”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Темир жол транспорту жана энергетика тармагындагы ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети бекемделип, былтыр бир триллион сомдон ашты. Мамлекет башчысынын айтымында, эми бийликтин алдында жетишилген ийгиликтерди ар бир үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга багыттоо, Кыргызстандын ондогон жылдар бою туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турат.

Акыркы беш жылда эле Баткен шаарында 148 жаңы ишкана ачылды. Ошондой эле административдик имараттарды, мектептерди жана спорт залдарын камтыган 16 инфраструктуралык объект курулуп, жаңы гидротүйүн пайдаланууга берилди.

Мындай өзгөрүүлөр облустун борбору менен гана чектелбейт. Аймактын башка райондорунда да экономикалык жигердүүлүк артууда. Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарларында өнөр жай өндүрүшү жанданып, бир нече жылдын ичинде чыгарылган продукциянын көлөмү 2,5–3 эсеге өстү. Баткен ар кандай жаратылыш ресурстарына жана пайдалуу кендерге бай. Транспорттук жеткиликтүүлүктүн жакшырышы тоо-кен тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири ачууга өбөлгө түзөт.

Айыл чарба тармагы да өнүгүп, аны эми кайра иштетүүчү ишканалар колдоодо. Натыйжада кошумча нарк түзүүнүн жаңы чынжырлары калыптанууда. Бул түшүмдү чийки түрүндө гана эмес, андан даярдалган, кошумча наркы жогору продукцияларды, анын ичинде шире, компот, кыям жана джем сыяктуу консерваланган азыктарды экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындай көрүнүш мал чарбачылыгында да байкалууда. Мал чарба продукциясын кайра иштетип, сатууга даяр абалга жеткирүү көбүрөөк киреше алып келет. Ошону менен бирге өндүрүштүк чынжырлар кеңейип, калкты жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө шарт түзүлөт.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Баткен облусунда экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө негиз болгон башкы фактор — чек ара маселесинин жөнгө салынышы жана коңшу мамлекеттер менен союздаштык мамилелердин түзүлүшү аркылуу жетишилген стратегиялык туруктуулук экенин белгилейт.

Анын айтымында, мурда чек ара аймактары чыңалуу жана кооптуу жагдайлардын очогу болуп келсе, азыр тынчтык шартында кызматташууга жол ачылып, өз ара пайдалуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

“2020-жылы Баткен облусунда жергиликтүү бюджеттин көлөмү 900 миллион сомдун тегерегинде болчу. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 4,5 миллиард сомго чейин өстү. Быйыл мындан да жогору болот. Бул аймакта өнүгүү кыйла ылдам жүрүп жатканын көрсөтөт.
2025-жылы өнөр жай тармагынын өсүшү 23 пайыздан ашса, айыл чарбасы 6,6 пайызга өскөн. Бул олуттуу көрсөткүч. Ошондой эле Баткен облусунда келечектүү, бири-бири менен тыгыз байланышкан төрт маанилүү багытты белгилеп кетүү зарыл.
Биринчи багыт — Өзбекстан жана Тажикстан менен биргелешкен кайра иштетүү өнөр жайы. Баткен үч өлкөнүн өндүрүштүк кызматташтыгын өнүктүргөн аймакка айлана алат. Бизде мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү, шире, кургатылган мөмө-жемиштерди, текстиль продукцияларын, таңгактоочу материалдарды жана курулуш буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө бардык шарттар бар. Үч коңшу өлкөнүн рыноктору бири-бирин толуктап, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Экинчи багыт — транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүү. Чек ара маселеси чечилгенден кийин Баткенди Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштыруучу түйүн катары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул үчүн Кызыл-Кыя шаарында жана Лейлек районунда заманбап логистикалык комплекстерди куруу зарыл. Аларда муздаткыч кампалар, бөлүштүрүү борборлору, бажы инфраструктурасы жана фитосанитардык лабораториялар болушу керек.
Үчүнчү багыт — агроөнөр жай кластерин түзүү. Баткендин өрүгү Кыргызстандын чегинен тышкары да кеңири белгилүү. Өлкөбүздө өстүрүлгөн мөмө-жемиштердин өзү эле бренд болуп калды. Эгер продукцияны ошол жерде эле сертификациялап, талапка ылайык таңгактап, даярдоо иштерин жүргүзсөк, андан түшкөн киреше кыйла көбөйөт.
Төртүнчү багыт — өнөр жай, энергетика жана туризм. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Баткен облусунда күн электр станцияларын куруу, газобетон, кыш жана башка курулуш материалдарын өндүрүү, ошондой эле сурманы казып алуу жана кайра иштетүү долбоорлорун караган. Бул ири инвестициялык программалар. Эгер бул мүмкүнчүлүктөр натыйжалуу пайдаланылса, Баткен Фергана өрөөнүнүн жалпы экономикалык интеграциясында маанилүү роль ойнойт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Абдыров.

Экономика жана бизнес тармагындагы эксперт Сергей Пономарев чек аралар жабык болуп турган мезгилде туруксуздук жана жаңжалдардан улам соода жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүн болбогонун, жалпы эле аймактын өнүгүшү өтө кыйынга турганын эскерет.

“Бүгүнкү күндө чек аралар ачык, соода-экономикалык кызматташтык өнүгүүдө. Аймак туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Президент айтып жаткан ири өнүктүрүү долбоорлору реалдуу ишке аша турган пландар”, — деп белгиледи Сергей Пономарев.

Баткен эми өлкөнүн алыскы, обочолонгон аймагы эмес. Өз ара пайдалуулукка жана ишенимге негизделген Борбор Азиянын жаңы экономикалык кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөрдүн интеграциясына жана жаңылануусуна жол ачууда. Мындай шартта Баткен Фергана өрөөнүндөгү экономикалык өнүгүүнүн маанилүү борборлорунун бирине айланат.