Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Ош шаарындагы милиция кызматкеринин кайрылуусу боюнча бир нече кызматкерге тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн милициянын старшинасы М.Б. кесиптештери тарабынан психологиялык, моралдык басымга кабылгандыгы тууралуу билдирмесинин негизинде атайын жумушчу тобу түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгы менен Күзөт кызматынын Ош шаарынын Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды.
Өздүк курам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тартип бузууларга, ИИОнун кызматкерлеринин жүрүм-турум этикасына туура келбеген көрүнүштөргө жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин ИИМдин Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн милициянын старшинасы М.Б. Акыйкатчы институтуна кайрылган. Анда ал кесиптештери тарабынан ыдыкка жана моралдык басымга кабылып жатканы тууралуу билдирген.