Миллиарддаган каражат, 12 жылдык билим: Мектептердеги өзгөрүүлөргө саресеп

Билим 21 сентябрь 2026 19:20
Миллиарддаган каражат, 12 жылдык билим: Мектептердеги өзгөрүүлөргө саресеп

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жаңы окуу жылы башталар замат коомчулуктун көңүл чордонуна чыгып, кызуу талкуу жараткан башкы маселе — мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги болду. Ачыгын айтуу керек, бул кечээ же бүгүн эле пайда боло калган маселе эмес. Мындан мурда да ата-энелер дал ушул көйгөй менен бетме-бет келип, маселе байма-бай көтөрүлүп келген. Мурда бул багытка мамлекеттин эсебинен орточо 100 млн сомдун тегерегинде гана каражат бөлүнүп, кем-карчы убактылуу жабылганы менен, тартыштык толук жоюлган эмес. Акыркы эки жылда билим берүүгө көңүл бурулуп, китеп менен камсыздоого 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылып чыкты.

Ошол эле маалда өлкөдө демографиялык өсүш жогору — быйыл эле 147 миңге жакын бала 1-класска барып, жалпы окуучулардын саны 1,5 миллионго жетти. Эң негизгиси — Кыргызстандын билим берүү системасы тарыхый ири бурулуштун босогосунда турат. Өлкө толугу менен 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүдө. Бул жөн гана окуу мөөнөтүн узартуу эмес, мында эски билим берүү стандартынан баш тартуу, окуу программаларын, стандарттарды жана китептерди башынан баштап жаңылоо милдети турат. Мындай иштер белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратпай койбойт. Бирок мунун артында балдардын заман талабына жооп берген сапаттуу билим алышына ташталып жаткан олуттуу кадамды белгилеп кетүү керек.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү 150дөн ашык өлкө, анын ичинде АКШ, Япония, Германия, Франция, Финляндияда жана КМШ мамлекеттеринен Беларусь, Украина, Өзбекстан, Казакстанда 12 жылдык окутуу тандалып алынган. Дүйнөлүк тажрыйбада 12 жылдык билим берүү системасына өтүү көптөгөн мамлекеттерде олуттуу реформалар жана бир катар структуралык, каржылык кыйынчылыктар менен коштолгон. 12 жылдык билим берүү системасы ийгиликтүү ишке ашырылган Финляндия, Япония, Грузия жана Казакстандын мисалында бул маселеге азын-оолак токтолуп өтөлү.

Финляндия көп жылдан бери билим берүү боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) тарабынан өткөрүлгөн PISA изилдөөсүнүн натыйжасында Финляндия эң бийик көрсөткүчтөрдү көрсөткөн мамлекеттердин бири, ошондуктан фин мектебинин аттестаты эң мыкты деп эсептелет. Финляндиянын 12 жылдык билим берүү модели кызыгууну арттырып, изилденип келүүдө.

Акыркы бир жарым кылымдын ичинде Японияда үч жолу билим берүү реформасы өттү. Анын оң натыйжасынын аркасы менен Япония 2022-жылдагы PISAнын жыйынтыгында 3-орунду ээлеген. Грузия өлкөдөгү билим берүүгө көп көңүл буруп, мезгил-мезгили менен бышып жетилген реформаларды жүргүзүп, жаңы билим берүү стандарттарын жана максаттарын киргизүүдө. Грузияда 2008-жылдан баштап 12 жылдык билим берүү кабыл алынган.

Казакстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча иштер 2003-жылы башталган. Алгач Казакстанда экспериментке 51 мектеп тартылган. Жаңы билим берүү системасына өтүүдө окуу китептери боюнча көйгөйлөр жаралганын да адистер белгилеп келишет.

Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы № 67 жалпы билим берүү мектебинин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары, биология мугалими Элиза Исабекова “Кабар” агенттигине билдиргендей, реформа баскыч-баскычы менен ишке ашууда. Алсак, 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда жаңылатылган предметтик стандарттарга туура келген жаңы окуу-методикалык комплекстер жана заманбап окуу китептери киргизилген. 6 жаштан мектепке келген 1-класстарга ылайыкташтырылган жаңы окуу материалдары, жаңы стандарттагы китептер берилип жатат, ал эми 8-класстарга кесиптик багыт берүүчү (профилге чейин) сабактар киргизилди. Мурдагы 0-класстар толугу менен 1-класс катары кабыл алынып, балдар жаңы басылып чыккан китептер менен билим алууда.

“Окуучулар жаңы китептер менен камсыздалып жатат. Жаңы муундагы китептер мурдагыдай абстракттуу теорияны жаттатууга эмес, практикалык жана функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган. Окуучу жөн гана эрежелерди жаттап калбастан, алган билимин күнүмдүк турмушта, көйгөйлөрдү чечүүдө колдонууну үйрөнөт. STEM жана санариптештирүү: жаратылыш таануу, математика жана IT багыттары интеграцияланып, интерактивдүү тапшырмалар, QR-коддор аркылуу кошумча санариптик булактарга шилтемелер камтылган. Башталгыч класстар үчүн материалдар оюн түрүндө, жаш өзгөчөлүгүнө ылайык визуалдык куралдар менен байытылып даярдалган”, - деди ал.

Элиза Исабекованын айтымында, мектепте мугалимдерди даярдоо боюнча масштабдуу иштер аткарылып жатат. 2025-2026-окуу жылынан баштап мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттары аркылуу педагогдор жаңы предметтик стандарттар, интерактивдүү методикалар жана баалоонун заманбап критерийлери боюнча атайын курстардан өтүп, сертификаттарды алууда.

“Ошондой эле өкмөт тарабынан STEM багытындагы (физика, химия, биология, математика, информатика) жана англис тили мугалимдери “Алтын Казык” брендиндеги заманбап ноутбуктары менен камсыздалды. Ноутбуктар 12 жылдык билим берүү реформасынын алкагында сабактарды көркөм, мультимедиялык элементтер (видео, 3D модель, презентация Санарип кампа) менен өтүүгө, ошондой эле электрондук журналдар жана билим берүү платформалары менен ыкчам иштөөгө шарттар түзүлгөн”, - деп белгиледи ал.

Элиза Исабекова 12 жылдык билим берүүнүн негизги өзгөчөлүктөрүн тизмектеп берди:

6 жаштан баштап окуу: 0-класс деген түшүнүк жоюлуп, 6 жашар балдар дароо 1-класска кабыл алынат, бирок алардын окуу жүктөмү жаш өзгөчөлүгүнө жараша адаптацияланган.

Мектепти бүтүрүү курагы өзгөрбөйт: 12 жылдыкка өтүү менен окуучулар мурдагыдай эле 17–18 жашында мектепти аякташат.

Профилге чейин жана профилдик билим берүү: 8-9-класстардан баштап окуучулар өз кызыгуусуна жараша кесиптик багыттарды (STEM, гуманитардык, өндүрүштүк кызматтар ж.б.) тандап, жогорку класстарда керектүү предметтерди тереңдетип окушат.

Эл аралык стандарттарга шайкештик: 12 жылдык аттестат дүйнөнүн көпчүлүк чет өлкөлүк университеттерине кошумча даярдоо курстарысыз ( 1жылын кетирбей) түз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери менен камсыздоо, жаңы 12 жылдык билим берүү реформасы жана окуу процессинин маңызы тууралуу айтып берди.

Анын пикиринде, 12 жылдык билим берүү моделине өтүп жатканда ар бир мамлекеттин өз шарты, кыйынчылыктары жана жетишкендиктери болбой койбойт.

Алгач эксперт окуу китептерин басып чыгаруунун жаңы алгоритми түзүлүп, “Окуу китеби” мекемеси иш алып барып жатканын белгиледи. Акыркы мезгилде китеп басып чыгаруу саясатында бирдиктүү стандарт киргизилди. Анткени мурда коомчулук тарабынан китептерде каталар көп деген нааразычылыктар бат-бат айтылып турган.

Азыр китеп окуучунун колуна тийгенге чейинки так алгоритм иштелип чыкты:

  • Авторлорду тандоо жана даярдоо;
  • Эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайыкташтыруу (адаптация);
  • Редакторлор менен иштөө жана бир нече баскычтуу экспертизадан өткөрүү.
“Китеп басып чыгаруу — бир жылда эле бүтө калчу нерсе эмес, бул бир топ убакытты жана көпчүлүктүн эмгегин талап кылган узак процесс. Ошондуктан бардык этаптар сакталганда гана сапаттуу китеп чыгат”, - деп айтты Асылбек Жооданбеков.

Жаңы муундагы китептер жана мугалимдин ролу

Азыркы китептер мурдагыдай жөн гана окуу китеби эмес. Азыр окуу куралдары комплект түрүндө чыгууда:

  • Окуу китеби (негизги маалыматтар);
  • Жумушчу дептерлер (окуучулардын практикалык тапшырмаларды аткаруусу үчүн);
  • Усулдук колдонмолор (мугалимдерге ар бир теманы кантип өтүү боюнча конкреттүү сунуштамалар).
“12 жылдык билим берүүнүн эң башкы өзгөчөлүгү — теорияга караганда практикага жана турмушка жакын болууга басым жасалгандыгында. Мугалим жөн гана даяр маалыматты айтып берген адис эмес, окуучуга багыт берүүчү, анын потенциалын ачуучу адам катары көрсөтүлүүдө. Китеп бул жерде окуучу үчүн жардамчы курал гана, ал эми негизги нерсе — мугалимдин компетенттүүлүгү, чыгармачылыгы жана балдар менен интерактивдүү иштей алуусунда. Ошондуктан 12 жылдык билим берүү өз жемишин берет деген ишеним чоң”, - деди Асылбек Жооданбеков.

Кыргызстан билим берүү тармагы мындай олуттуу кадамдарды жасап жаткандыктан мамлекет каржылык колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Анткени өлкө үчүн ар бир окуучунун колуна керектүү китептин жеткени маанилүү. Ошондуктан президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Китеп басып чыгаруунун каржылык маселеси чечилди. Муну менен мындан ары бир дагы окуучу китепсиз калбай, бир дагы ата-эне мамлекет камсыз кылууга тийиш болгон китепти издеп базар аралабашы керектиги айтылды.

Каражат жетишпейт деген маселе эми жок болгондуктан, шылтоо эмес, натыйжа зарыл экенин көрсөттү. Китеп көйгөйү айтылганда аны жашыруу же бири-бирине шылтоо эмес, мамлекеттин аны чечүүгө финансылык ресурсу жетип турганын айтып кетпесек болбос. Анткени бүгүн мамлекет бир эле чечим менен окуу китептерине 7 млрд сом бөлө ала турган финансылык деңгээлге жетти.

Маселен, ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, 2000-жылга Кыргызстандын республикалык бюджети бекитилгенде киреше — 10 млрд 607 млн сом болсо, чыгаша — 11 млрд 67 млн сом деп көрсөтүлгөн. Бюджеттин тартыштыгы — 460 млн сом болгон.

Бүгүнкү күндө президент китеп чыгарууга кошумча бөлө турган 7 млрд сом 2000-жылдагы Кыргызстандын бүтүндөй республикалык бюджетинин кирешесинин 66%ына барабар болууда.

Асылбек Жооданбеков мурда бюджеттен китептерге болгону 100 млн сомго жакын акча бөлүнүп, окуу китеби окуучулардын санына жетишпей келсе, азыр бул каржылоо болуп көрбөгөндөй санга, 7 млрд сомго чейин жогорулап, чечкиндүү кадамдар жасалып жатканын белгиледи.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин айтымында, мамлекет тарабынан окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнүп жаткан каражаттын көлөмү мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла өстү. Бул өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүн айгинелеп турат.

“Маселен, мурда билим берүү тармагына чектелүү каражат бөлүнсө, акыркы жылдары 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Жакында эле президент Садыр Жапаров кошумча 7 млрд сом бөлүү боюнча саясий чечимин кабыл алды. Мамлекет башчысы китеп маселесин чечүү үчүн каражатты жакшы эле бөлүп жатат. Эми министрлик дагы, басмакана дагы китеп менен камсыздоо маселесинин жоопкерчилигин моюнга алып иштеши керек. Анткени президент жыл сайын китеп басып чыгарууга акча бөлө бербей, маселени толук чечүү үчүн каражатты бөлүп берди”, - деди Каныбек Осмоналиев.

Ошондой эле ал 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү идеясын колдой турганын, окуу материалдары менен камсыздоо маселеси чечилип жаткан чакта эми билим сапатын жогорулатуу зарыл деген ойдо.

“Китептер менен камсыздоо билим сапатынын бир гана бөлүгү. Эң башкысы — окуучу менен мугалимдин ортосундагы өз ара аракеттенүү жана ага түзүлгөн шарттардын орду чоң. Ата-энелердин жоопкерчилиги да болушу керек. Алар мектепке эле баласын берип койбошу керек. Ата-энелердин катышуусу жана милдети жогору болушу зарыл. Ошондо гана сапат жөнүндө сөз кыла алабыз. Ошондой эле китептерге аяр мамиле кылууга ата-энелер балдарына үйрөтүшү керек. Анткени китепти кандай абалда алды, анан кандай абалда өткөрүп берип жатат? Бул да тарбиянын бир түрү. Анткени китеп – бул абдан баалуу буюм”, - деп белгиледи Каныбек Осмоналиев.

Кыргызстандын билим берүү тармагы ири реформалардын маалында турганда, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан каржылык колдоо бул өзгөрүүлөрдүн ийгиликтүү болушуна негизги кепилдик болуп саналат. Эми китептин басмаканадан чыгып, окуучунун колуна жетиши болгону убакытты жана алдын ала эсептөөлөрдү талап кылат.

Бирок, эксперттер белгилегендей, эң заманбап китеп да, мамлекет алып берген акыркы үлгүдөгү ноутбуктар да мугалимдин чыгармачылыгы жана компетенттүүлүгү жок натыйжа бере албайт. Китеп — бул болгону курал, ал эми реформанын негизги кыймылдаткыч күчү — заманбап методикаларды өздөштүргөн, окуучуга багыт бере алган жаңы муундагы мугалим. Ошондой эле ата-эненин колдоосу да муктаж.

Бүгүнкү убактылуу кыйынчылыктарга түшүнүү менен карап, сапаттуу билимге инвестиция жасоо — эртеңки эгемен жана өнүккөн Кыргызстандын пайдубалын куруу дегенди билдирет.