Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Мектептерди окуу китеп менен камсыздоого бөлүнгөн 8,5 млрд сом эмнелерге жумшаларын Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов “Биринчи радионун” түз эфиринен айтып берди.
Анын айтымында, президенттин окуу китептери боюнча атайын жарлыгы кабыл алынып, ага ылайык Агартуу министрлиги декабрь айына чейин мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча иш план иштеп чыгышы керек.
"Иш пландын негизинде бизге бөлүнгөн каражатты толугу менен өздөштүрүшүбүз керек. Жарлыкта жазылгандай, 8,5 млрд сом окуу китептерине жана окуу-методикалык комплекстерге бөлүнгөн. Бул каражаттарды максаттуу пайдаланууга аракет кылабыз", - деди Музулманов.
Белгилегендей, бөлүнгөн каражаттын эсебинен болжол менен 38 млн даана окуу-методикалык комплекс басып чыгарылып, мектептерге жеткирилет.
"Окуу-методикалык комплекстин ичине окуу китеби, мугалимдер үчүн колдонмо жана окуучулардын иш дептери кирет. Мына ошону басып чыгарып, жеткиришибиз керек", - деди ал.
Музулманов ошондой эле бул багыттагы негизги иштердин бири "Окуу китеби" басма үйүнүн ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана аны мыкты адистер менен камсыз кылуу экенин белгиледи.