Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө мектептерди камсыздоо үчүн 10 миллионго жакын нуска окуу китептери даярдалды. Алдыдагы эки жылдын аралыгында дагы 38,5 млн нускадан ашуун китеп басып чыгаруу пландалууда.
“Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, мектептерди окуу-методикалык комплекстер менен толук камсыздоо үчүн жалпы 48,4 млн нуска окуу китеби талап кылынат.
2025–2026-жылдары төмөндөгүдөй санда басып чыгарылган:
2025-жылы жалпы 4,7 млн нуска басып чыгарылып, аларды даярдоого жана басып чыгарууга жалпысынан 856 млн сом каражат жумшалган.
2026-жылы жалпы 4 млн 339 миң 606 нускада басып чыгарууга 760 млн 212 миң 130 сомдук келишимдер түзүлдү.
Мындан тышкары, кошумча 1,2 млн нуска китепти басып чыгаруу үчүн 600 млн сом каражат бөлүү маселеси каралууда.
2027–2028-жылдары төмөндөгүдөй санда басып чыгаруу пландалган:
2027-жылы билим берүү системасынын муктаждыгына жараша 16,8 млн нуска;
Ал эми 2028-жылы 21,2 млн нуска.
Белгиленген тартипке ылайык, окуу китептери ар беш жыл сайын жаңыланып, кайра басып чыгарылып турат.