Бакай-Ата конушундагы мектепке жаңы корпус курулууда

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы
Кабар редакциясы

Бишкек, 26.11.26. /Бишкек/. Бишкектеги Бакай-Ата конушундагы №85 жалпы билим берүү мектебине кошумча окуу корпусун куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы үч кабаттуу имаратта 22 окуу кабинети, спорт жана жыйындар залдары, ошондой эле башка зарыл бөлмөлөр жайгашат.

Имараттын айланасында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында кичи футбол талаасын, баскетбол жана волейбол аянтчаларын, ошондой эле воркаут аянтчасын куруу пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө имараттын пайдубалы үчүн казуу иштери аяктады.