Араванда 225 орундуу жаңы мектеп курулууда

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылында 225 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2025-жылдын август айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 112 миллион сомду түзөт.

Жаңы мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Архитектуралык долбоорго ылайык, жалпы аянты 1537 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулууда.

Мектепте атайын предметтик кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт зал жайгашат.

Мындан тышкары, окуу класстары рекуператор сыяктуу заманбап желдетүү жабдуулары менен камсыздалат. Алар саатына 60 м³ бөлмөдөгү аба алмаштыра алат.

Бүгүнкү күндө имараттын негизги каркасы толук тургузулуп, ички шыбак иштери бүткөрүлдү. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык улантылууда.