Ошто милиция кызматкери ыдыкка даттанып, акыйкатчыга кайрылды

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 15:42
8D6D7C82-ACE9-4CC6-8A25-C904171C840D_w1080_h608.avif
copyright icon WWW

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн милициянын старшинасы М.Б. кесиптештери тарабынан ыдыкка жана моралдык басымга кабылып жатканы тууралуу арыз менен кайрылган.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жабырлануучу кызматтык даражасы жогору кесиптештери тарабынан мазактоолор болгонун, ал эми күзөт кызматкерлери адепсиз видеолорду коюп, жеке жашоосуна кийлигишүүгө аракет кылышканын билдирген.

Ошондой эле М.Б. күзөткө келип иштеп жаткан окуу жайдын кызматкерлерине да даттанган.

"Университеттин күзөтчүлөрү менин турмушка чыга элек экенимди билип, мени ар ким менен тааныштыруу аракетин кылышчу. Айрым учурларда тааныштарын да алып келишкен. Атайын адепсиз видеолорду катуу үн менен коюп алышчу. Бир жолу мени жумушка киргизбей, жарым саат көчөдө күттүрүшкөн", - деген М.Б.

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин кызматтык милдеттерин так аткарбаганы жана орой мамилеси үчүн командирге сөгүш берилди. Ошондой эле окуу жайдын эки күзөтчүсүнө карата Эмгек кодексине ылайык тартиптик чаралар көрүлдү.

Ош шаардык прокуратурасына фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү сунушу жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы институтуна ыдыкка кабылуу боюнча 2 арыз келип түшкөн. Акыйкатчы коомдогу мындай көрүнүштөр адамдын ден соолугуна жана укуктарына олуттуу зыян келтирерин эскертет.