Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү Ханифа Сыргакова WorldSkills Shanghai 2026 кесиптик чеберчилик боюнча дүйнөлүк чемпионатынын жыйынтыгында "Best of Nation" сыйлыгын алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ханифа Сыргакова "Мода технологиясы" компетенциясы боюнча күч сынашып, Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуучулары арасында эң мыкты жыйынтык көрсөткөнү үчүн бул сыйлыкка татыктуу болду.
22–27-сентябрда Шанхай шаарында өткөн чемпионатта 68 өлкөдөн 1400гө жакын жаш адис күч сынашты.
Кыргызстандын курама командасы жети багыт боюнча катышты: "Ширетүү технологиялары", "Ашпозчулук иши", "Мода технологиясы", "Өнөр жай дизайнынын технологиялары", "Графикалык дизайн технологиялары", "Веб-технологиялар" жана "Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу"..
Белгилей кетсек, Кыргызстан WorldSkills кыймылына 2023-жылдын 27-сентябрында Ирландиянын Дублин шаарында өткөн Башкы ассамблеянын сессиясында 86-мүчө өлкө катары расмий кошулган. Ал эми 2026-жылы WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду.