Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Астанада дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшү боюнча кыргыз балбандары килемде күч сынашууда. Спортчулардын беттештеринен сүрөт баянды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыялады.
Белгилей кетсек, 24-октябрдан тарта Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мелдеш 1-ноябрга чейин созулат.
Мелдеште 22 спортчу Кыргызстандын намысын коргоодо.
Анын ичинде грек-рим күрөшү боюнча 10 балбан, эркин күрөштөн 8 спортчу жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан күч сынашууда.