Бишкек, 01.11.26. /Кабар/. Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Малик Шаваев коло медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан Россиянын өкүлү Ибрагим Кадиевди 4:3 эсебинде жеңип, коло медалды камсыздады.
Малик Шаваев коло медалга чейинки жолдо бир катар ийгиликтүү беттештерди өткөрдү.
Чейрек финалда Малик Шаваев АКШлык спортчу Кайл Дейкке жеңилип калган. Бирок америкалык балбандын финалга чыгып, кыргызстандык спортчу көңүл жубатуучу беттештер аркылуу коло медаль үчүн күрөштү улантты.
Анда Монголиянын өкүлү Батбилгуун Наадамбатты 7:4 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешке жолдомо алган болчу.