Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары Россиядагы "Чебаркульский" полигонунда өтүп жаткан "Издөө-2026" атайын машыгуусунда практикалык тапшырмаларды аткара баштады.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун негизги максаты — чек арага жакын аймактагы куралдуу жаңжал учурунда чалгындоону уюштуруу жана жүргүзүү. Чалгындоо топтору шарттуу душманды аныктап, объектилерди изилдеп, алынган маалыматтарды тиешелүү жетекчиликке өткөрүүдө.
Практикалык аракеттерде чалгындоо жана сокку уруучу FPV-дрондор колдонулуп, артиллерия менен авиациянын огун тактоо боюнча тапшырмалар аткарылууда.
Машыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттери катышууда.