ЖККУнун үч аскердик машыгуусунун активдүү фазасы аяктады

Коом 3 октябрь 2026 16:30
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.38 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.36 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.35 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.34 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.34 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-03 at 08.55.34.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 03.10.26 /Кабар/. Россиянын Чебаркуль полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун “Өз ара аракеттенүү-2026”, “Издөө-2026” жана “Эшелон-2026” биргелешкен аскердик машыгууларынын активдүү фазасы аяктады.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти да катышты.

Машыгуулардын жүрүшүндө Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттери чек арадагы куралдуу чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча биргелешкен операция жүргүзүү аракеттерин иш жүзүндө көрсөтүштү.

Ошондой эле аскерлер чалгындоо жүргүзүү, ок атуу, алдыңкы позицияларды жок кылуу, душманды калктуу конушта тосуу жана жок кылуу боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Мындан тышкары, ЖККУнун Жамааттык ыкчам жооп кайтаруу күчтөрү душмандын алдыга жылган резервдерин тосуу жана жок кылуу, токой тилкесиндеги чачыранды күчтөрүн издөө, ошондой эле чек ара көзөмөлүн калыбына келтирүү боюнча машыгууларды өткөрдү.

Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын, коопсуздук жана атайын кызматтарынын атайын бөлүктөрү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытындагы аскердик контингенттер жана атайын багыттагы күчтөрдүн бөлүктөрү да тартылды.

Жалпысынан машыгууларга 2 миңге жакын аскер кызматкери, 350гө жакын курал-жарак, аскердик жана атайын техника тартылды.