Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Ички аскерлеринин аскер кызматчылары Россиянын Чебаркуль полигонунда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими юмуна мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларына катышты. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуулар 27-сентябрдан 2-октябрга чейин өтүп, анын алкагында “Өз ара аракеттенүү-2026”, “Издөө-2026” жана “Эшелон-2026” биргелешкен машыгуулары уюштурулду.
Ички аскерлердин кызматкерлери “Өз ара аракеттенүү-2026” машыгуусунда биргелешкен күчтөрдүн курамында коюлган милдеттерди аткарып, күжүрмөн даярдыгын жана кесиптик чеберчилигин көрсөтүштү.
Мындан тышкары, кыргызстандык аскер кызматчылары машыгуунун алкагындагы спорттук мелдештерге катышып, аркан тартыш боюнча командалык эсепте 2-орунду ээлешти. Жыйынтыгында команда кубок жана медалдар менен сыйланды.