Алдыдагы аптада Бишкекте жаан жайбы? Аба ырайынын божомолу

Коом 28 сентябрь 2026 14:40
Алдыдагы аптада Бишкекте жаан жайбы? Аба ырайынын божомолу
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 29-сентябрдан 5-октябрга чейинки аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, 29-30-сентябрларда ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. 1-октябрда жана 2-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. 2-октябрда күндүз жана 3-4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-октябрда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-сентябрь: түнкүсүн 8…10 күндүз 23…25

30-сентябрь: түнкүсүн 9…11 күндүз 25…27

1-октябрь: түнкүсүн 10…12 күндүз 21…23

2-октябрь: түнкүсүн 9…11 күндүз 20…22

3-октябрь: түнкүсүн 10…12 күндүз 22…24

4-октябрь: түнкүсүн 11…13 күндүз 23…25

5-октябрь: түнкүсүн 10…12 күндүз 19…21