25-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 25 сентябрь 2026 09:50
25-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 25-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Талас облусунда +21...+26, Ысык-Көл облусунда +17...+22, Нарын облусунда +15...+20 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +24...+26 градуска жетет.