28-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 28 сентябрь 2026 10:15
28-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 28-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Талас, Ысык-Көл облустарында +17...+22, Нарын облусунда +16..+21 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +24...+26 градуска жетет.