Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 24-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз өрөөндөрдө ала булут каптайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл облусунда +17…+22, Нарын облусунда +18…+23 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +26…+28 градуска жетет.