Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары ишке кирди

Министрлер кабинети 21 сентябрь 2026 12:52
6ab0c1433b26e.jpeg
6ab0c145ac9a9.jpeg
Алдыга
Артка
6ab0c1433b26e.jpeg
6ab0c145ac9a9.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйында эмгек менен камсыз кылуу маселелери талкууланып, министрлер кабинетинин төрагасы жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул контекстте ал жумуш издөөчүлөргө актуалдуу бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөргө жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалымат жайгаштырууга мүмкүндүк берген Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары түзүлгөндүгүн белгиледи.