Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. ОшМУнун Enactus командасы Бразилияда Кыргызстандын желегин желбиретүүгө аттанды. Бул тууралуу аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстандагы 30дан ашуун университеттердин арасынан өткөн улуттук мелдеште биздин команда “UpBulak” долбоору менен Улуттук чемпион аталды.
Эми ОшМУнун жаштары Кыргызстандын атынан Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк чемпионатында Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өлкөбүздүн социалдык-ишкердик демилгелерин көрсөтүүгө укук алышты.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев команданы кабыл алып, аларга алдыдагы дүйнөлүк мелдеште ийгилик каалады. Ал ошондой эле облустук бийликтин ар тараптуу колдоосун билдирди.
Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинин Enactus командасы – бул келечектеги лидерлер, алар коомдогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык жана социалдык-ишкердик долбоорлорду жандандырат.