Бишкек, 11.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүнүн алкагында мектептерди жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо иштери уланууда.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бүгүн ”Учкун” басмаканасында окуу китептерин басып чыгаруу иштери менен тааныштыруу максатында ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы бүгүнкү күнгө чейин 3 млн 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылды. Учурда дагы 1 млн 442 миң 815 даана басылып жатат.
“Ал эми 2025-жылы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс чыгарылып, мектептерге жеткирилген. Ошентип, эки жылдын ичинде басылып чыккан окуу-методикалык комплекстердин жалпы саны 9 млн 351 миң 413 даанага жетмекчи”, – деп айтылат маалыматта.