Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда келечекте мектеп окуучуларын планшеттер менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, беш-алты жылдан кийин окуучуларды планшеттер менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралат.
“Беш жылдан кийин планшеттерге өтүүгө аракет кылабыз. Ага көп каражат кетет, бирок аларды көп жолу колдонууга болот. Бир планшетке бардык окуу китептерин киргизип койсоң, окуучу математика, тарых, эне тили жана адабият китептерин бир түзмөктөн пайдалана алат. Мамлекет аны өзү камсыздап берет”, — деди Садыр Жапаров.