IT мектеп: Кыргызстанда балдардын санариптик билим алуусуна кандай шарттар түзүлүүдө?

Билим 11 сентябрь 2026 17:40
IT мектеп: Кыргызстанда балдардын санариптик билим алуусуна кандай шарттар түзүлүүдө?

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө технология адамдын күнүмдүк жашоосунун дээрлик бардык тармагына кирди. Билим берүү, медицина, экономика, транспорт, айыл чарба, соода, мамлекеттик башкаруу жана башка көптөгөн тармактар санариптик технологиялар менен тыгыз байланышта болууда. Мындай шартта балдардын технологияны жөн гана колдонбостон, аны түшүнүп, өз алдынча пайдалана билүүсү маанилүү. Ушундан улам IT багытындагы мектептерге жана ийримдерге болгон кызыгуу жылдан жылга өсүүдө. Мындай билим берүү жайларында окуучулар программалоо, робототехника, веб-дизайн, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, компьютердик графика жана башка санариптик багыттар менен тааныша алышат. “Кабар” агенттиги Кыргызстанда IT мектептерди ачуунун артыкчылыгы тууралуу кенен айтып берет.

Бүгүнкү күндө балдар технология менен эрте таанышууда. Бирок технологияны жөн гана колдонуу менен аны түшүнүп, өз алдынча жаңы продукция жарата билүүнүн ортосунда чоң айырма бар. Ушундан улам балдарга эрте жаштан программалоону, робототехниканы, санариптик дизайнды жана башка IT багыттарын үйрөтүүгө көңүл бурулууда. Кыргызстанда да балдар үчүн программалоо мектептери жана IT курстары ачылып, окуучуларга өзүнүн биринчи сайтын, тиркемесин же башка санариптик долбоорун түзүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Талас шаарында балдар үчүн билим берүү жана көңүл ачуу борбору болгон “Баластанда” IT мектеп да негизделди. Мындай IT мектептерде балдар компьютердик сабаттуулуктан баштап алгоритмдерди түзүү, программалоо, веб-сайт жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, 3D-моделдөө, робототехника, оюн жаратуу, графикалык дизайн, киберкоопсуздук жана башка санариптик багыттар менен тааныша алышат.

Креативдүү индустриялар паркынын байкоочулар кеңешинин төрагасы Данияр Аманалиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, XXI кылымда адамдар роботтор менен көп иштей баштады. Ал эми роботтун тили бул — программа жана алгоритм. Ошол программаны жана алгоритмдерди түшүнүү XXI кылымда XX кылымда англис тилин билгендей эле маанилүү болууда. Данияр Аманалиев Таласта IT-мектеп ачылганы абдан маанилүү экенин жана ар бир региондо ошондой мектеп ачылышы зарыл деп белгилейт.

“Бүгүн кандай тармакты карабаңыз, программалоону түшүнсөңүз, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондуктан программалоону жана жасалма интеллект менен иштөөнү ар бир адам түшүнүш керек жана кошумча бир адистик керек. Ошондо эки кесипти бир алып кеткенде гана адамдар жумушту оңой таба алат”, - деди ал.

Кыргызстанда биринчилерден болуп Креативдүү индустриялар паркы түзүлгөн. Өзбекстан Кыргызстандын мындай тажрыйбасын үйрөнүп, Креативдүү индустриялар паркын ачууда.

Данияр Аманалиев бул жаатта Кыргызстан өзгөчө Борбор Азияда алдыга жылып жатат деп эсептейт.

“Чет жакка чыкканда Кыргызстандан келген адистердин иштегенин абдан баалашат. Анткени кыргызстандык адистер өзгөчө креативдүү жана жаңы бир инновациялык идеяларды ойлоп табууга жөндөмдүү келишет. Мен ойлойм, биз үчүн бул тармак абдан маанилүү болуп жатат. Кыргызстан эң баалуу продукттарды — кино, музыка, программа, компьютердик оюндар жана башкаларды чыгарышыбыз керек. Бул биз үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деди ал.

Мындан улам IT билим берүү баланын технологиянын жардамы менен жаңы продукцияны жаратуусуна өбөлгө түзөт жана чыгармачылыкка да жол ачат. Программалоону кээде жалаң математикалык жана техникалык тармак катары кабыл алышат. Чынында технология чыгармачылык үчүн да чоң өбөлгө түзөт.

Кыргызстанда IT билим берүү багытында иш алып барып келген Динара Руслан “Кабар” агенттигине балдарды эрте жаштан бул тармакка аралаштыруунун маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.

Динара Русландын пикиринде, IT билим берүү келечекке жасалган ишенимдүү кадам. Бүгүнкү күндө балдарды 7 жаштан 17 жашка чейин IT тармагына үйрөтүү эң келечектүү багыттардын бири. IT мектептерде окуучулар жөн гана программалоо тилдерин эмес, компьютердик жана санариптик сабаттуулукту, киберкоопсуздукту, робототехниканы жана жасалма интеллектти колдонууну өздөштүрүшөт.

“IT көндүмдөрдүн негизги артыкчылыктарын айтсак, IT көндүмдөрү англис тили сыяктуу эле дүйнөнүн каалаган жеринде иштөөгө жол ачат. Жасалма интеллектти жана заманбап куралдарды колдоно билүү кайсы гана кесип болбосун журналистика, медицина, дизайн жана башка адистин квалификациясын жогорулатып, эл аралык рынокто иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Соңку жылдары Кыргызстанда робототехника жана жасалма интеллект багыттарына кызыккан ата-энелердин жана балдардын саны кескин көбөйүүдө. Азыркы тапта IT көндүмдөрү өзүнчө бир кесип катары гана эмес, ар бир адистин ишин ылдамдатуучу жана кирешесин бир топ жогорулатуучу зарыл куралга айланды”, - деп айтты Динара Руслан.

Адистер белгилешкендей, IT мектеп баланы келечектеги кесипке багыттайт. Өспүрүм куракка келгенде алар кесипти тандоодо кыйналбайт. IT мектептин артыкчылыктарынын бири окуучуга ар кандай багыттарды эрте сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондуктан IT мектептин максаты бардык баланы программист кылуу эмес. Мында негизги максат баланын технологиялык чөйрөнү таанып, өзүнүн кызыгуусун жана жөндөмүн эрте аныктоосуна шарт түзүү болуп саналат. Ошондуктан IT менен эрте таанышкан бала англис тилин практикалык зарылдык катары кабылдай баштайт. Алар англис тилин жөн гана сабак үчүн эмес, кызыккан технологиясын үйрөнүү үчүн колдонушат.

Баланы IT мектепке берүүдө биринчи кезекте анын жеке кызыгуусун эске алуу керек. IT мектеп баланын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, өз алдынча изденүүсүн, көйгөйдү чечүү жөндөмүн жана топ менен иштөөсүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.