Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Күз-кыш мезгилинде балдар курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) көбүрөөк чалдыгары маалым.
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын пульмонология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Динара Кабаеванын берген кеңештери менен Саламаттык сактоо министрлиги бөлүштү.
Дарыгердин айтымында, мурундун бүтүшү, жөтөл, тамактын оорушу, дене табынын көтөрүлүшү жана жалпы алсыздык КРВИнин кеңири тараган белгилери болуп саналат.
Көпчүлүк учурда КРВИ балдарда татаалдашуусуз өтүп, бала толук айыгат. Бирок кичинекей балдар, айрыкча ымыркайлар, ошондой эле өнөкөт оорулары бар балдар өзгөчө көзөмөлдү талап кылат.
Эмне үчүн балдар КРВИ менен көп оорушат?
Баланын организми дагы эле калыптануу процессинде болуп, иммундук коргонуу системасы акырындык менен өнүгөт. Жашоосунун алгачкы жылдарында бала көптөгөн вирустар менен биринчи жолу кездешет. Ошондуктан респиратордук инфекциялар бир нече жолу кайталанышы мүмкүн.
Айрыкча бала бакчага бара баштагандан кийин оорулар көп катталат. Балдар бир жерде чогуу болуп, жалпы оюнчуктар менен ойношот, сүйлөшүшөт, жөтөлүп, чүчкүрүшөт. Вирустар жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө бөлүнүп чыккан тамчылар, булганган колдор жана заттар аркылуу бир адамдан экинчисине оңой жугат.
Маанилүү нерсе: КРВИ менен тез-тез ооруй берүү дайыма эле иммунитеттин начардыгын билдирбейт. Кичинекей бала үчүн жыл ичинде респиратордук инфекциянын бир нече жолу кайталанышы иммундук эс тутумдун калыптанышынын кадимки бөлүгү болушу мүмкүн.
Бирок бала инфекцияны өтө оор өткөрсө, КРВИ пневмония, узакка созулган жогорку дене табы, дем алуунун кыйындашы менен коштолсо же бир нече жолу ооруканага жаткырууну талап кылса, бул тууралуу педиатр менен кеңешүү зарыл.
КРВИни кандай вирустар пайда кылат?
КРВИ — бир эле инфекция эмес, ал оорулардын чоң тобу. Аны риновирустар, аденовирустар, парагрипп вирустары, респиратордук-синцитиалдык вирус (РСВ), сасык тумоо вирустары жана башка көптөгөн козгогучтар пайда кылышы мүмкүн.
Айрым вирустар негизинен жеңил сасык тумоону пайда кылса, башкалары дем алуу жолдорун олуттуу жабыркатышы мүмкүн. Айрыкча жашоосунун алгачкы айларындагы балдарга көңүл буруу зарыл. Мисалы, респиратордук-синцитиалдык вирус (РСВ) ымыркайларда бронхиолит жана пневмонияга алып келиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, сезондук сасык тумоо жыл сайын дүйнө жүзүндө болжол менен 1 миллиард адамды жабыркатат, алардын 3–5 миллиону оор түрдө ооруйт. Өзгөчө жаш балдар тобокелдикке көбүрөөк дуушар болушат.
РСВ да балдар арасында төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларын пайда кылган негизги вирустардын бири. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоосуна ылайык, РСВ жыл сайын 5 жашка чейинки балдардын арасында болжол менен 3,6 миллион баланы ооруканага жаткырууга жана 100 миңге жакын өлүмгө алып келет. РСВден улам болгон өлүмдөрдүн болжол менен жарымы жашоосунун алгачкы алты айындагы балдарга туура келет.
Эмне үчүн бир бала КРВИни жеңил өткөрсө, экинчиси оор өткөрөт?
Инфекциянын өтүшү баланын жашына, организмдин өзгөчөлүктөрүнө жана вирустун түрүнө жараша болот. Дени сак балдардын көпчүлүгү КРВИни салыштырмалуу жеңил өткөрүшөт.
Бирок ымыркайларда, мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн балдарда, ошондой эле жүрөк, өпкө жана башка өнөкөт оорулары бар балдарда татаалдашуулардын коркунучу жогору болот. Мындай балдар дарыгердин көзөмөлүн талап кылат.
Ошондуктан дене табынын көрсөткүчүнө гана көңүл бурбастан, баланын жалпы абалын байкоо маанилүү: кандай дем алып жатат, суу ичип жатабы, канчалык активдүү, заарасы кадимкидей чыгып жатабы жана ата-энесине кандай реакция кылып жатат.
Бала ооруп калса эмне кылуу керек?
Көпчүлүк учурда КРВИ менен ооруган балага эс алуу, жетиштүү суюктук ичүү жана ыңгайлуу шарт түзүү керек.
Баланын табити убактылуу төмөндөсө, аны тамак ичүүгө мажбурлоонун зарылдыгы жок. Эң негизгиси — жетиштүү суюктук ичип жатканын көзөмөлдөө.
Бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип туруу зарыл. Аба өтө ысык жана кургак болбошу керек.
Дене табы көтөрүлгөн учурда баланын жалпы абалына баа берүү маанилүү. Дене табын түшүрүүчү дарылар, биринчи кезекте, дене табы балага олуттуу ыңгайсыздык жаратканда же ал ысытманы начар көтөргөндө колдонулат. Дары-дармектер жана алардын дозасы баланын жашына жана дене салмагына ылайык болушу керек.
Балага антибиотикти өз алдынча эч качан бербеңиз!
Антибиотиктер вирустарга таасир этпейт жана кадимки КРВИде айыгууну тездетпейт. Алар дарыгер аныктаган айрым бактериялык татаалдашууларда гана талап кылынышы мүмкүн.
Балага көп дары берүү керекпи?
Кадимки КРВИде дары-дармектердин көп болушу баланын тезирээк айыгышын билдирбейт.
Ата-энелер көп учурда «баарын дароо дарылоону» каалашат: вируска каршы дарыларды, антибиотиктерди, жөтөлгө, мурундан суу агууга жана дене табына каршы бир нече каражатты колдонушат. Бирок мындай ыкма дайыма эле пайдалуу эмес жана айрым учурларда кооптуу болушу мүмкүн.
Негизги максат — баланын абалын жеңилдетүү жана оорунун жүрүшүн байкоо. Эгер бала акырындап активдүү боло баштаса, жетиштүү суюктук ичсе, табити калыбына келип, дене табы төмөндөсө, бул инфекциянын салыштырмалуу жакшы өтүп жатканын көрсөтөт.
Ооруп жаткан баланы бала бакчага алып барууга болобу?
Эгер балада инфекциянын курч белгилери, айрыкча дене табынын көтөрүлүшү, катуу жөтөл, алсыздык же жалпы абалынын начарлашы байкалса, үйдө калганы жакшы.
Бул баланын тезирээк сакайышы үчүн гана эмес, башка балдарды инфекциядан коргоо үчүн да маанилүү.
Абалы жакшыргандан кийин бала өзүн жакшы сезип, дене табы дарыларды колдонбостон нормалдуу болгондо гана балдар жамаатына кайтканы туура.
КРВИ мезгилинде баланы кантип коргоого болот?
Баланын вирустар менен байланышын толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес, бирок жуктуруп алуу коркунучун азайтууга болот.
Ата-энелер балдарды колун үзгүлтүксүз жууганга үйрөтүшү керек. Айрыкча үйгө келгенден кийин, тамактанар алдында жана коомдук жайларга баргандан кийин колду жууш маанилүү.
Балдардын көзүн, мурдун жана оозун колу менен улам кармай беришине жол бербөө керек.
Үйдү, баланын бөлмөсүн жана башка жайларды үзгүлтүксүз желдетип туруу зарыл.
Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири ооруп калса, бала менен, айрыкча үйдө ымыркай болсо, тыгыз байланышты чектөө сунушталат. Ооруп жаткан адам менен бир идишти, сүлгүнү жана башка жеке буюмдарды чогуу колдонууга болбойт.
Эмдөө — алдын алуунун маанилүү бөлүгү
Сасык тумоонун оор өтүшүн алдын алуунун натыйжалуу ыкмаларынын бири — эмдөө.
Сасык тумоого каршы вакцина КРВИни пайда кылган бардык вирустардан коргобой турганын түшүнүү маанилүү. Бирок ал сасык тумоо менен ооруп калуу жана анын оор татаалдашууларынын коркунучун азайтууга жардам берет.
Ата-энелер профилактикалык эмдөөлөрдүн календарын өз убагында аткарып, сезондук сасык тумоого каршы эмдөө боюнча педиатр менен кеңешүүсү керек.
Кайсы учурда тез арада дарыгерге кайрылуу керек?
КРВИнин көпчүлүк учурлары өз алдынча өтөт. Бирок ата-энелер балага медициналык жардам талап кылынган белгилерди билиши керек.
Төмөнкү белгилер байкалса, дарыгерге кайрылыңыз:
- дем алуусу кыйындаса же адаттан тыш тез-тез дем алса;
- демигүү байкалса;
- адаттан тыш шалдырап, уйкучул болуп же айланадагыларга начар реакция кыла баштаса;
- дээрлик суюктук ичпесе;
- сейрек заара кылса;
- бир нече жолу кусса;
- дене табы жогору болуп, узак убакытка түшпөсө;
- убактылуу жакшырып, кайрадан абалы кескин начарласа;
- көкүрөгү катуу ооруса;
- тырышуу же эс-учун жоготуу байкалса.
Айрыкча жашоосунун алгачкы айларындагы ымыркайларга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Дем алуусу олуттуу кыйындаса, эриндери көгөрсө, эс-учун жоготсо же тырышуу байкалса, тез арада дарыгерге кайрылуу зарыл.
Ата-энелер үчүн эң негизгиси
КРВИ — балалык куракта көп кездешүүчү көрүнүш жана балдардын көпчүлүгү олуттуу кесепеттерсиз айыгып кетишет.
Ар бир мурундан суу агууга же жөтөлгө тынчсыздануунун кажети жок, бирок баланын абалынын начарлашына да кайдыгер кароого болбойт.
Ата-энелердин милдети — балага жайлуу шарт түзүү, жетиштүү суюктук берүү, бөлмөнү желдетип туруу, толук кандуу уйкуну камсыз кылуу жана анын абалын кылдат байкоо.
"Алдын алуу үчүн" антибиотик берүү, көп сандагы дарыларды колдонуу же өз алдынча дарылоо эмес, туура кам көрүү, алдын алуу чараларын сактоо жана өз убагында дарыгерге кайрылуу балага КРВИ мезгилин коопсуз өткөрүүгө жардам берет.
Дагы бир маанилүү эреже: эгер ата-эне баланын абалына күмөн санаса, оорунун даражасын өз алдынча аныктоого аракет кылгандан көрө, педиатрга кайрылып, адистин баасын алуу туура.