Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Түштүк Кореяда 2026-жылдын алгачкы тогуз айында төрөттүн көрсөткүчү рекорддук деңгээлге чыкты, деп билдирди жергиликтүү Yonhap агенттиги.
Өлкөнүн Статистика министрлигинин маалыматы боюнча, сентябрь айында 25 113 бала төрөлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2 пайызга көп.
Жалпысынан ушул жылдын алгачкы тогуз айында Түштүк Кореяда 218 896 бала жарык дүйнөгө келген. Бул былтыркыга караганда 14,3 пайызга көп жана 1981-жылдан берки эң олуттуу өсүш болуп саналат.
Бул оң тенденция 30–39 жаштагы калктын өсүшү, ошондой эле балалуу болууга болгон мамиленин өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт.
Ошол эле учурда, катталган никелердин саны сентябрь айында өткөн жылга салыштырмалуу 11,7 пайызга азайып, 16 299 жуп болгон.