Балдардын медициналык маалымкаттары эми электрондук түрдө берилет

Ден соолук 18 сентябрь 2026 16:10
Балдардын медициналык маалымкаттары эми электрондук түрдө берилет

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттарды эми электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Анда белгиленгендей, электрондук маалымкаттар министрликтин маалыматтык системалары менен интеграцияланып, “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

"095/у формасындагы маалымкат баланын ден соолугуна байланыштуу сабактан бошотулганын тастыктайт. 2026-жылдын 24-августунан тартып бул документ электрондук түрдө гана берилет. Билим берүү уюмдары анын кагаз түрүндөгү нускасын же көчүрмөсүн талап кылбашы керек.

Ал эми 026/у формасындагы маалымкатта баланын ден соолугунун абалы жана профилактикалык медициналык кароолордун жыйынтыктары камтылат. 2027-жылдын 1-январына чейин документ электрондук жана кагаз түрүндө берилет. Электрондук маалымкат бар болгон учурда анын кагаз нускасын талап кылуунун зарылдыгы жок",-деп айтылат маалыматта.