2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолордон бери алты жыл өттү. Соңку беш-алты жыл Кыргызстандын заманбап тарыхындагы эң динамикалуу жана масштабдуу институционалдык өзгөрүүлөрдүн мезгили катары бааланууда. 2021-жылы биздин өлкө жаңы Конституцияны жарыялап чечимдерди кабыл алуунун борборлоштурулган тутумуна - президенттик башкаруу формасына өткөн. Андан бери мыйзамдар жана аларды ишке ашыруучу структуралардын иштөө принциптери өзгөрдү. Чечкиндүү реформалар экономикалык секирикке, Кумтөрдү кайтарууга, чек араны биротоло чечүүгө, эл аралык масштабдуу инвестициялык долбоорлорду баштоого жол ачты.
Учурдагы мамлекеттик түзүлүш 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга негизделген. Беш жыл мурун Кыргызстан президенттик республика деп жарыяланган. Премьер-министр кызматы жоюлуп өкмөт расмий түрдө Министрлер кабинети деп атала баштаган. Ал эми анын төрагасы бир эле учурда президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалап жатат. Бул өзгөрүү жоопкерчиликти бир колго - президентке топтоду. Натыйжада мамлекеттик башкаруудагы бытырандылык иреттелип, ким жооп берери белгилүү болду. Башында эле бул кадам чечимдерди кабыл алуунун тездигин жогорулатып, каатчылык кырдаалдарда мамлекеттик аппаратты ыкчамдатууга шарт түзөрү айтылган болчу. Өзүбүз байкап жаткандай мамлекеттик болобу, саясий болобу маанилүү маселелер чыйрактык менен чечиле баштады. Мурда чоң реформалар, экономикалык долбоорлор айлап, жылдап саясий соодалашуулардын, кызыкчылыктардын курмандыгы болуп создуктурулуп келгени маалым. Азыр миллиарддаган каржылоолор, Кыргызстан эле эмес Борбордук Азияда салына элек алп курулуштар көп убакытты талап кылбай турганын көрдүк. Акыркы беш жыл жетекчиликтин күчтүү саясий эрки болсо ири өзгөрүүлөрдү жана реформаларды кыска убакытта ишке ашыруу мүмкүн экенин далилдеди. Мамлекеттик кызматкер көйгөйдү өз убагында чечип үйрөнүшү керектигин президент Садыр Жапаров дагы деле эскертип келет.

“Жоопкерчиликти бир мекемеден башкасына, бир жетекчиден экинчисине түртүп убакыт өткөргөн мезгил бүттү. Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу жана өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечимдер керек. Дагы бир маанилүү нерсени айтайын, эл сиздерди издеп мекеме эшиктерин каккылап зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система да бүтүшү керек. Тескерисинче, мамлекеттик кызматкер элдин көйгөйүн алдын алып өзү чечүүгө аракет кылышы кажет. Борборго же социалдык тармактарга чейин жеткирбей маселени жеринде чечкенди үйрөнгүлө. Андай маселелерди айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Чечиле турган маселе өз убагында чечилиши керек. Ар бир жетекчи ар бир маселени өз аймагында өзү чечкен система түзүлүшү керек. Ошондо гана мамлекеттик башкаруу күчтүү болот” – деди президент Садыр Жапаров.
Деги эле өлкөнүн аймактык уюштуруу формасы боюнча айта турган болсок эң ири кадам 2024-жылы жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа экени маалым. Анын алкагында жүздөгөн айыл аймактары ирилештирилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саны кыскартылды. Биринчи кезекте ашыкча бюрократиялык аппарат жоюлуп, бюджеттик чыгымдар олуттуу түрдө азайтылары, аймактарды өзүн-өзү каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилери, башкаруунун сапаты жаңы деңгээлге көтөрүлөрү айтылган.
Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов жаңы Конституциянын алкагында мамлекеттик органдардын функциялары сакталганы менен, алардын иштөө принциптери жаңырып, тартип күчөтүлгөнүн белгиледи. Ошону менен бирге коомчулуктун жоопкерчилиги маселеси да четте калган жок.

"Биринчиден, жаңы Конституцияга ылайык мамлекеттик башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана функциялары өзгөрүүсүз калды. Бийликке карата күтүүлөр өзгөргөн десе болот. Мисалы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн тартип күчөтүлдү. Мурда ар бир жетекчи "атаман" болуп, өзүн сезип жүргөн. Жер-жерлерде ар кандай терс процесстер болгон. Эми мындай иштер токтотулду.
Экинчиден, тилекке каршы мурунку бийликтердин учурунда ушак өлкөгө айланып баратканбыз. Себеби адамдар тигил же бул маселени билбей эле соцтармактар жана медиа аркылуу өзүнүн жеке пикирлерин айтып жүрүшкөн. Жеке пикир, албетте, жакшы. Бирок андай жеке пикирлердин негизинде бир да маселе чечилбей калган. Жаңы Баш мыйзам ушундай терс процессти токтотту. Себеби өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй айтылган сөзгө туруш керектиги башынан баса белгиленди. Өнүгүү ушундай багыттар менен уланып жатат", - деди Шерадил Бактыгулов.
Өзгөрүүлөргө Жогорку Кеңеш да дуушар болду. Депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскартылып, партиялык тизме жана бир мандаттуу округдан аралаш шайлоо тутуму киргизилди. Натыйжада парламенттин ишмердиги көбүрөк мыйзам чыгаруучулукка жана эл өкүлчүлүгүнө бурулду.
Ал эми сот бийлиги Конституциялык сот жана Жогорку сот, ошондой эле жергиликтүү соттор тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. Жаңы эрежелерге ылайык судьяларды тандоо жана дайындоо процесстеринде президенттин ролу күчөтүлдү. Соттун чечимдеринин аткарылышын камсыздоо үчүн Жеке сот аткаруучулар институту киргизилди. Сотторду аймактар аралык ротация, санарип сот өндүрүшүнүн киргизилиши сот адилеттигин жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталууда.
Акыркы 5 жылдагы мамлекеттик башкаруунун өзгөчө жаңылыгы катары Элдик курултай институтунун Баш мыйзам менен киргизилишин атасак болот. Белгилүү болгондой, Курултай мыйзам чыгаруу укугуна ээ эмес, бирок ал аймактардан келген делегаттар үчүн өлкө жетекчилигине түз суроо узатуу, жергиликтүү көйгөйлөрдү коомчулукка ачык айтуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ал эми Курултайдын тапшырмалары менен талаптарынын аткарылуусу боюнча тийиштүү мамлекеттик мекемелер отчет берип турушу керек.
Жаңы система алып келген өзгөрүүлөр
Акыркы 5 жылдагы жаңы мамлекеттик түзүлүш өлкөнү бир катар стратегиялык өзгөрүүлөргө алып келди. Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев 2021–2026-жылдар аралыгындагы аткарылган иштердин баары Кыргызстандын мамлекеттик суверенитетин бекемдөөгө багытталганын белгилеп, аларды төрт багытка бөлдү. Академик алгачкы жылдардагы саясий процесстерден кийин, бийлик кыска мөөнөттө өлкөдө экономикалык өз алдынчалыкты камсыздап, башкаруу тутумун иретке келтиргенин, чек ара коопсуздугун биротоло чечүү жана инфратүзүмдү заманбапташтыруу аркылуу эгемендүүлүктү жаңы деңгээлге көтөргөнүн белгиледи.

“Биринчиси, экономикалык эгемендүүлүк жана Кумтөрдүн мамлекетке өтүшү. Анын арты менен өлкөнүн көз карандысыз каржылык пайдубалы түптөлүп, алтындан түшкөн киреше өлкө ичинде калып бюджет олуттуу түрдө бекемделди. Андан кийинки рекордду экономика жаратты. 2025-2026-жылдарга карата ИДПнын өсүү темпи боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдына чыкты. Кыргызстан экономикасы долларлык эквивалентте эки эседен ашык өстү. 2020-жылдагы 8,3 млрд доллардан 17,5 млрд доллардан ашкан рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бюджеттик консолидация, анын ичинен салык реформасы, көмүскө экономикага каршы күрөштүн натыйжасында бюджет бир канча эсеге өстү. Бул биздин республикага сырткы гранттарга көз каранды болбой ири долбоорлорду өз алдынча каржылоо мүмкүнчүлүгүн берди.
Экинчиси, аймактык эгемендүүлүк жана чек араны чыңдоо. Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар боюнча талаш-тартыштары жөнгө салынып, чоң бир бурулуш жасалды. Бул маселе узак жылдар бою улуттук коопсуздук менен өлкөнүн туруктуулугуна негизги коркунуч болуп келгендигин жалпы эл билет.
Дагы бир атрибуттарыбыздын бири болгон кыргыз улуттук армиясы заманбапташтырылып, Куралдуу күчтөр, Чек ара кызматы кеңири масштабда техникалык жактан жабдылды. Тарыхта биринчи жолу эч кандай насыя же жардам катары эмес республикалык бюджеттин эсебинен заманбап учкучсуз учуучу аппараттардын комплекстери, анын ичинен Байрактар, Аксүнгүр жана башка оор аскердик техникалар сатып алынды.
Үчүнчүсү, инфраструктуралык жана энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү. Кылым долбоору Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу курулууда. Бул каттам Кыргызстанды транспорттук туңгуюктан толук чыгарып, аны континеттик маанидеги транзиттик хабга айланта тургандыгынан шек жок. Энергетикада чакан жана орто ГЭСтер ишке берилип жатат, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдыктар жүрүүдө. Мен жакында эле курулуп жаткан Куланак ГЭСине барып келдим. Учурда иштеп жаткан Ат-Башы ГЭСи 40 мегаватт бере турган болсо, Куланак ГЭСИ 100 мегаватт электр энергия иштеп чыгат. Келерки жылы ишке берилет деп турабыз. Токтогул ГЭСин маштабдуу модернизациялоо бүтсө электр кубаттуулугуна таңсыктык жоюлуп, импорттон баш тартууга шарт түзүлөт.
Курулуштар жана жолдорго келе турган болсок, мамлекеттин курулуш жана жол секторуна салган масштабдуу инвестициялары негизги кыймылдаткычка айланганды. Атап айтсак, аймактарын байланыштырган түндүк-түштүк альтернативдүү автожолу боюнча иштер аяктап калды.
Төртүнчүсү, саясий консолидация жана жаңы Конституция. Институттук туруктуулук, 2021-жылы Конституциянын кабыл алынышы менен президенттик башкаруу формасына өтүү жана бийликти борборлоштуруу көп жылдык саясий туруксуздукту токтотууга, мамлекеттик чечимдерди сырткы өнөктөштөрдүн ыкчам жана алдын ала болжоого боло тургандай кылууга толук мүмкүнчүлүк ачты.
Беш жылдык цикл ичинде Кыргызстандын эгемендүүлүгү куру декларациялардан ресурстар менен бекемделген саясий жана экономикалык өз алдынчалыкка карай революциялык жолду басып өттү деп айтканга толук акылуубуз”, - деди профессор Чолпонкул Арабаев.
Кошумчаны талап кылган дагы бир жетишкендик - Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу улуттук валютасын жана жарандардын өздүгүн аныктоочу паспортту өзү басып чыгара баштады. Ошондой эле өлкө жогорку эл аралык коопсуздук сертификаттарын алып, алгачкы баскычта 20 жана 50 сомдук банкнотторду жүгүртүүгө чыгарды.
Ал эми социалдык саясаттагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында бюджеттик кызматкерлердин маянасы, пенсия көбөйүп, жөлөк пулдар кеңейди. “Социалдык келишим” долбоору мамлекеттин жардамын күтүп отурган жүздөгөн жарандарды жеке ишкерге айландырды. Билим берүүдө 12 жылдык мектеп тутумуна өтүү реформасы менен дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү жүрүп жатат.
Эл аралык аренада Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга убактылуу мүчөсү болуп шайланышы сырткы саясий институттардын ийгиликтүү иштегенинин жана өлкөнүн эл аралык деңгээлде кадыр-баркка ээ болгонунун далили.