Кыргызстандын ШКУдагы активдүүлүгү жана БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы тарыхый миссиясы өлкөнүн эл аралык жоопкерчилигин жаңы деңгээлге чыгарды. Бул шартта бийликтин кубаты гана эмес, мамлекеттик институттардын сапаты да башкы ролго чыгат. Мындай пикири менен дипломат, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгындагы мурунку элчиси, экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова “Кабар” агенттигине берген маегинде бөлүштү.
Элчи бүгүнкү тышкы саясат менен ички реформаны эки бөлөк процесс катары кароого болбой турганын белгилейт. Ошондой эле акыркы беш-алты жылды Кыргызстан үчүн мамлекеттик институттардын кайра конфигурацияланган мезгили катары мүнөздөдү.
Бул убакытты бир гана саясий өзгөрүүлөрдүн контекстинде кароо туура эмес экенин белгилеп, азыркы учур мамлекеттин өзүнүн башкаруу моделин, экономикалык саясатын, тышкы байланыштарын жана коом менен мамлекеттин өз ара мамилесин кайра карап жаткан мезгил катары баалады.

— Бактыгүл Рысбаевна, учурдагы глобалдашуу доорунда Кыргызстан эл аралык эрежелер менен тыгыз байланышта иштеши керектигин түшүндүк. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине убактылуу мүчө болушу жана ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу аймактык уюмдардагы активдүүлүгү биздин ички реформаларыбызга кандай талаптарды коюуда?
— Менимче, бүгүн Кыргызстан үчүн негизги маселе — эл аралык уюмдарга катышуунун санын көбөйтүү гана эмес, ошол катышууну мамлекеттин ички институттук сапатын жогорулаткан ресурска айландыруу.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга утурумдук мүчөлүккө шайланышы өлкөнүн дипломатиялык тарыхындагы маанилүү окуя. Бул Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине биринчи жолу кириши болуп жатат. Демек, 2027-жылдан тартып өлкө эл аралык коопсуздук маселелери боюнча талкууларга жана чечимдерди кабыл алуу процессине кыйла жогорку деңгээлде катышат.
Мындай статус мамлекеттин тышкы саясатына гана эмес, ички мамлекеттик башкаруунун сапатына да жаңы талаптарды коёт. Биринчиден, кадрлардын профессионалдык дипломатиялык жана аналитикалык потенциалын бекемдеп, өстүрүү зарыл. Экинчиден, эл аралык укук, коопсуздук, экономика, энергетика, климат, суу ресурстары жана технологиялык өнүгүү боюнча сапаттуу мамлекеттик экспертиза керек. Үчүнчүдөн, кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн аларды ички мыйзамдарга жана мамлекеттик саясатка эффективдүү киргизүү механизминин болушу шарт.
ШКУдагы Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы төрагалыгы да ушундай талаптарды көрсөттү. 2026-жылдын 1-сентябрында Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктары жогору бааланып, анын уюмдун институционалдык потенциалын жана практикалык кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы белгиленди.
Ал эми ЕАЭБ Кыргызстан үчүн биринчи кезекте экономикалык институционалдык даярдыкты талап кылат. Интеграциянын шартында бажы, салык, техникалык жөнгө салуу, транспорттук логистика, санариптик системалар, эмгек рыногу жана атаандаштык чөйрөсүндөгү улуттук институттардын иши жалпы интеграциялык мейкиндик менен шайкеш болушу керек. Мисалы, 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасы 5,9 млрд долларга жеткени расмий белгиленген.
Ошондуктан бүгүнкү тышкы саясат менен ички реформаны эки бөлөк процесс катары кароого болбойт. Эл аралык аренадагы активдүүлүктүн туруктуулугу мамлекеттин ички институттарынын канчалык профессионалдуу, мыйзам талаптарына ылайык жана натыйжалуу иштегенине түздөн-түз байланыштуу. Башкача айтканда, эл аралык аброй ички институционалдык сапат менен бекемделет.
— Акыркы 5–6 жылда Кыргызстанда Конституциянын алмашуусу жана бийлик вертикалынын күчөшү менен ири институционалдык өзгөрүүлөр жүрдү. Бул өзгөрүүлөр шарттаган ишмердик жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп жатабы? Мамлекеттик аппараттын ыкчамдыгын жана чечим кабыл алуунун сапатын канчалык деңгээлде жогорулата алды?
— Бул жерде ыкчамдык менен чечимдин сапатын бири-биринен айырмалап кароо маанилүү.
2021-жылы кабыл алынган Конституция мамлекеттик бийликтин түзүлүшүн кайрадан аныктап, президенттик институттун ролун күчөттү. Андан кийинки жылдары мамлекеттик башкаруунун түзүмүн оптималдаштыруу, бюрократияны азайтуу жана чечим кабыл алуу механизмдерин ыкчамдатуу боюнча бир катар реформалар жүргүзүлдү.
Мунун натыйжасында мамлекеттик системанын чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, айрыкча вертикалдуу башкаруу жана ресурстарды бирдиктүү максатка мобилизациялоо жагынан кыйла өркүндөтүлгөнүн белгилөөгө болот.
Мисалы, 2025-жылы мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар кабыл алынган. Ошол эле жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоо механизмдерине өзгөртүүлөр киргизилген. 2025-жылдын аягында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана дебюрократташтыруу реформаларын мындан ары улантуу боюнча дагы чечим кабыл алынган.
Демек, мамлекеттик аппараттын оперативдүүлүгүндө өзгөрүүлөр бар деп айтууга негиз бар.
Бул жерде экинчи маселе — чечимдердин сапаты жана институттардын туруктуулугу. Сапаттуу мамлекеттик башкаруу үчүн анын негиздүүлүгү, экспертизадан өтүшү, мыйзамдуулугу, аткарылышы, коомдук кызыкчылыктарды эске алышы жана узак мөөнөттүү натыйжасы маанилүү.
Ошондуктан бүгүн Кыргызстанда башкаруунун оперативдүү мамлекет модели кыйла даана көрүнүп калды, кийинки этапта аны институционалдык жактан туруктуу жана профессионалдык мамлекет модели менен толуктоо зарыл деп эсептейм.
Башкача айтканда, биринчи баскычта мамлекетке чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү керек болсо, кийинки этапта ошол жөндөмдүүлүктү институттардын сапатына айландыруу маселеси турат.
Бул жерде бийлик вертикалынын күчөшү бир жагынан чечимдерди координациялоону жеңилдетсе, экинчи жагынан мамлекеттик институттардын өз алдынча профессионалдык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн, тең салмактуулукту жана чечимдердин сапатын камсыз кылган механизмдерди өнүктүрүү зарылдыгын күчөтөт.
— Деги эле акыркы 5 жылдан бери Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?
— Акыркы беш-алты жылды мен Кыргызстан үчүн мамлекеттик институттардын кайра конфигурацияланган мезгили катары мүнөздөйт элем.
Бул мезгилди бир гана саясий өзгөрүүлөрдүн контекстинде кароо туура эмес. Бул — мамлекеттин өзүнүн башкаруу моделин, экономикалык саясатын, тышкы байланыштарын жана коом менен мамлекеттин өз ара мамилесин кайра карап жаткан мезгили.
2021-жылдагы Конституция жаңы башкаруу моделинин укуктук негизин түздү. Андан кийинки мезгилде мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, дебюрократташтыруу, мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу, салык-бажы башкаруусун реформалоо сыяктуу багыттарда институционалдык өзгөрүүлөр уланды. Мисалы, 2025-жылы салык жана бажы башкаруусунун түзүмү да кайра уюштурулду.
Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы позициясы да активдешти. ШКУдагы 2025–2026-жылдардагы төрагалык жана 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлануу өлкөнүн эл аралык жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатты.
Мен бул өзгөрүүлөрдү аягына чыккан реформа катары эмес, мамлекеттик өнүгүүнүн жаңы этабынын калыптанышы катары баалайт элем. Анткени мамлекеттик институттарды өзгөртүү — бир этап, ал эми алардын туруктуу иштөө маданиятын калыптандыруу — кыйла узак процесс болуп саналат.
Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгы жана мамлекеттик ресурстарды мобилизациялоо мүмкүнчүлүгү жогорулады деп айтууга болот. Кийинки милдет — мүмкүнчүлүктү сапаттуу институттарга айландыруу, профессионалдык мамлекеттик кызматты күчөтүү, укуктун үстөмдүгүн бекемдөө, аналитикалык жана эксперттик потенциалды жогорулатуу, мамлекеттик саясаттын уланмалуулугун камсыз кылуу.
Ошондуктан акыркы беш жылдын негизги жыйынтыгын бир сүйлөм менен айтканда Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун жаңы моделин түзүү этабынан анын институттук сапатын бекемдөө этабына өтүп жатат.
Ал эми алдыдагы мезгилдин башкы көрсөткүчү — мамлекеттик бийликтин канчалык күчтүү экендиги гана эмес, мамлекеттик институттардын канчалык сапаттуу, кесипкөй, мыйзамдуу жана туруктуу иштей ала тургандыгы болот.
Бул өзгөчө маанилүү, анткени Кыргызстан эми ички реформалар менен тышкы милдеттенмелерди бир системага бириктирүүгө тийиш. БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги 2027–2028-жылдардагы иш, ШКУдагы активдүүлүк жана ЕАЭБдеги интеграциялык процесстер мамлекеттен дал ушундай институттук сапатты талап кылат.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!