Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Словакиянын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен Братислава шаарында жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар билим берүүгө жасалма интеллектти киргизүү, STEM-билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана техникалык-кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Кыргызстандын мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге өткөрүү реформасы, билим берүүнү санариптештирүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жана педагогдордун эмгек акысын жогорулатуу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Словакиянын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.