Old Bishkek. Сындан кийин кандай өзгөрүүлөр бар?

Коом Загрузка... 15 Декабрь 2025 18:08
copyright icon Кабар

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Социалдык тармактарда Бишкектин чок ортосундагы Чүй проспектисинин Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн аралыгында курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында кызуу талкуулар жүргөн. Айрымдары комплекстин курулушу долбоорго ылайык жүргүзүлбөй, жолдун тар курулуп жатканын айтышкан.

Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев курулуш жүрүп жаткан жерге келип, жолго чыгып кеткен курулуштар тез арада калыбына келтирилсин деген тапшырманы койгон.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулуштар алынып, Чүй проспектиси кеңейтилип жатат.

Ал эми курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев долбоордо бир катар техникалык каталар кеткенин айтып, бул боюнча берилген тапшырмалардын баары аткарыларына ишендирген.