Кыргызстанда миграция саясатын жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулууда. Кечээ, 28-сентябрда президент Садыр Жапаров "Миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, буга чейин бир нече мамлекеттик мекемелерде болуп келген миграция маселелерине тиешелүү бир катар функциялар эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине топтолот. Бул кадам башкаруу системасын иретке келтирип, кызмат көрсөтүүнү сапаттуу деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө. Жаңы түзүлө турган Миграция маселелери боюнча департаментке миграция тармагына байланышкан функциялар берилсе, жоопкерчилик артылып, бирдиктүү система калыптанары күтүлүүдө. “Кабар” агенттиги жаңы мекеме миграция тармагындаы иштерди колго алса, иштер канчалык оптималдашып, жеңилдей тургандыгы тууралуу айтып берет.

Кыргызстанда миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, кайталанган функцияларды жоюу жана чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максаты коюлууда.
Эң негизги өзгөрүүлөрдүн бири — Тышкы иштер министрлигинин жана президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин айрым ыйгарым укуктарынын өткөрүлүп берилиши. Эми чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүүсү, өлкө аймагында жүрүүсү, эмгек ишин жүргүзүүсү үчүн документтерди тариздөө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлөт.

Ошондой эле жашап турууга уруксат берүү, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жүргөн жери жана жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу, анын ичинде тиешелүү маалыматтык системаларды жана базаларды жүргүзүү да бирдиктүү түзүмгө берилет. Муну менен бөлүнүп келген функциялар бир мекемеге өтөт.

Азыр чет өлкөлүк жаран же ишкер бир эле учурда Тышкы иштер министрлигине, Эмгек министрлигине же "Кызмат" мекемесине кайрылып келет. Мисалы, бир эле адам тууралуу маалымат ар башка системаларда өз алдынча жүргүзүлөт. Жарлыктын башкы максаты дал ушул жоопкерчиликти бир мамлекеттик органга жүктөө жана кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Элвира Сурабалдиева "Кабар" агенттигине Миграция маселелери боюнча департамент түзүү тууралуу чечимди колдой турганын билдирди.

"Менин пикиримде, миграция боюнча функцияларды бир мамлекеттик органга топтоо туура багыт. Буга чейин бул иштер Эмгек министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана "Кызмат" мекемесинин ортосунда бөлүнүп келген. Жаңы жарлыкка ылайык бирдиктүү уруксат, резидент-карта, жашап турууга уруксат берүү, чет өлкөлүктөрдү каттоо сыяктуу функциялардын бир департаментке топтолушу ведомстволор ортосундагы кайталоолорду азайтат. Жарандар бир эле учурда бир нече мекемеге кайрылбай, жоопкерчилик бир органда болгону абдан туура. Эл аралык иштер жана миграция комитетинде каралган маселелер боюнча ар кайсы мекемеге кайрылууга аргасыз болобуз. Ошондуктан бир жерге концентрациялоо ишти системдүү жана жоопкерчиликтүү кылат", - деди эл өкүлү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлсө, маалыматтар базасы канчалык ылдам жана тоскоолдуксуз интеграцияланса, кызмат көрсөтүү ошончолук тездейт.
Тышкы иштер министрлиги, президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси жана башка мамлекеттик органдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берилүүчү функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды, электрондук маалыматтар базаларын, материалдык-техникалык жана башка ресурстарды өткөрүп берет.
Элвира Сурабалдиева мындай өткөөл мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүккө учурабашы керектигин баса белгиледи.
"Департаменттин түзүлүшү аркылуу функциялар менен бирге тиешелүү адистерди, маалыматтык базаларды жана материалдык-техникалык ресурстарды толук өткөрүп берүү керек. Ал эми өткөөл мезгилде жарандар жана чет өлкөлүктөр мамлекеттик кызматтарды эч кандай үзгүлтүксүз алышы шарт. Эгерде ушул уюштуруу иштери туура жүргүзүлсө, бирдиктүү департамент миграциялык процесстерди башкарууну системдүү кылууга толук шарт түзөт", - деп эсептейт депутат.
Президенттин жарлыгы миграциялык башкарууну иретке келтирүүгө багытталган негизги кадам деп айтсак болот. Анын натыйжасында миграция боюнча бир катар иштер жеңилдейт:
- Документтерди тариздөө жана алуу мөөнөтүнүн кыскарат,
- Маалымат базалары бири-бири менен тоскоолдуксуз иштейт,
- Коррупциялык тобокелдиктер жана бюрократия азаят.
Бүгүнкү күндө кайсы гана мамлекеттик орган болбосун, башкаруу системасын борборлоштуруу учур талабы. Анткени мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адам улам бир мекеменин эшигин каккылабай, бир органдан гана ишин бүтүрүшү зарыл. Бул албетте, убакытты сарптайт, жолго кеткен чыгымды үнөмдөйт эң башкысы ишти алда канча жөнөкөйлөштүрөт.
Италиянын Кальяри шаарында 9 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Үрүстөм Шабданбеков Миграция маселелери боюнча департаменттин түзүлүп жатканын оң баалап, өз пикири менен бөлүштү.

Ал Кыргызстандагы өнүгүү, санариптештирүү багытында жасалып жаткан реформалар чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн да сыймык жана чоң көмөк экенин баса белгиледи.
"Акыркы жылдары санариптештирүүнүн өнүгүшү чет өлкөдөгү жарандарга чоң жеңилдиктерди жаратты. Бардык функциялардын бир орган аркылуу башкарылышы жана бир жерге топтолушу жакшы демилге. Иштер тезирээк бүтүп, кагаз чогултуу азаят. Көрсөтүлгөн кызматтар санариптештирип, Face ID, Жеке идентификациялык номер (ЖИН) же телефондорду каттоо сыяктуу онлайн функциялар аркылуу арыздарды үйдөн чыкпай берүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Акы төлөөнү онлайн, QR-код же банктык тиркемелер аркылуу түздөн-түз төлөө системасын киргизүү да маанилүү. Мындай кызматтар Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген жарандарга да ыңгайлуулукту камсыздайт. Анткени ким гана болбосун бардык ишин бир жерден бүтүрүп кетиши эң башкы жеңилдик да", - деди ал.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине эки айлык мөөнөттө эми өзүнүн чечимдерин жаңы жарлыкка ылайык келтирүү, ошондой эле ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү тапшырылды. Эң негизгиси жоопкерчиликти бир мамлекеттик органга берип, кызмат көрсөтүүнү сапаттуу жана жөнөкөйлөтүү болуп саналат.