Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнө миграция жаатындагы тажрыйбасын сунуштады

Коом
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.41 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.41 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-26 at 12.10.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кыргызстан мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча тажрыйбасын Астанада өткөн КМШнын биргелешкен комиссиясынын жыйынында сунуштады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын 22-октябрында өткөн жыйынга Кыргызстандын Эмгек министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Тараптар мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иштөөсүнө бөгөт коюу, реадмиссия боюнча кызматташуу жана мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Жыйындын соңунда Кыргызстан мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана миграция жаатында маалымат алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.