Орунтаев: Old Bishkek боюнча берилген тапшырмалардын баары аткарылат — Кабар

Орунтаев: Old Bishkek боюнча берилген тапшырмалардын баары аткарылат

Коом 10 декабрь 2025 18:10
Орунтаев: Old Bishkek боюнча берилген тапшырмалардын баары аткарылат
copyright icon WWW

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Old Bishkek долбоору боюнча берилген тапшырмалардын баары аткарылат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордо бир нече техникалык каталар кетип калган.

“Old Bishkek долбоорун министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев жеринен барып таанышып кетти. Тийиштүү тапшырмалар берилди. Техникалар каталар болгон, бул каталардын баары кайрадан оңдолот”,-деди ал.