Ленин айылында үч күн газ болбойт

Коом 29 сентябрь 2026 18:30
Ленин айылында үч күн газ болбойт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. 30-сентябрдан 2-октябрга чейин Ленин айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, газ берүү жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

"Бишкекгаз" абоненттерден убактылуу түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.