Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бишкекте жер алдындагы орто басымдагы газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу 5-7-октябрь күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
"Бишкекгаз" кызматынын маалыматына караганда, газ Лермонтов, Темир жол, Ленин, Калинин көчөлөрү, Жибек жолу проспектиси, Чоң Чүй каналы, Энергетиктер шаарчасы, Аламүдүн-1, Куруучулар шаарчасы, Учкун кичи району жана Учкун конушу, ошондой эле "Бишкек сүт" аймактарында өчүрүлөт.
Оңдоо иштери газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Газ өчүрүлгөн учурда абоненттерге альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу сунушталат.