Кыргызстанда билимди баалоочу заманбап борборлор түзүлөт

Билим 24 Июль 2026 10:10
729838338_3887505294725974_2988391814915307874_n (2).jpg
753702381_802011882939395_9143207717378452270_n.jpg
754659998_1438121981495995_11726373571271631_n.jpg
752489108_1609122767313792_1886464087625699733_n.jpg
753150551_27532512509765655_8178420663518682813_n.jpg
753702099_1045423131519353_6836729709649550385_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Агартуу министрлигинин жетекчилиги Корея Республикасынын "Lambino" IT компаниясынын башкы директору Ли Су Ёнг менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформалары, бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасы жана бардык аймактарда заманбап тестирлөө борборлорун түзүү иштери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Ли Су Ёнг компания санариптик трансформациянын багыттарын иштеп чыгуу, педагогдорду окутуу, IT боюнча онлайн лекцияларды даярдоо жана башка долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сунуштарды кароону жана билим берүү тармагындагы кызматташууну улантууну макулдашты.