Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары биздин өлкө үчүн реалдуу экономикалык натыйжаларга багытталган сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар менен коштолду. Эки өлкө ортосундагы союздук мамилелер жөнүндө келишим Кыргызстандын тышкы саясаты, энергетика, экономика, транзиттик келечеги үчүн жаңы мейкиндиктерди ачты. Саясий окуяга баам салып турган экономисттер Кыргызстан барган сайын сырттан капиталды гана эмес, жаңы рынокторду жана жаңы өнөктөштүктөрдү да тартып жатканын белгилешүүдө.
Кыргызстан менен Азербайжан мындан ары кызматташтыкты Борбор Азия менен Кавказ чөлкөмүндөгү толук кандуу союздаш мамлекеттер деңгээлинде улантышат. Бул биримдик бир катар маанилүү документтер жана келишимдер менен бекемделди.
Эң алды Кыргызстан менен Азербайжан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту. Буга чейин Кыргызстан бул өлкөдөн бензин жана дизелдик отун импорттоону пландап жатканын билдирген.
Ошондой эле союздаш мамлекеттер транспорттук коридорлорду жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип өнүктүрмөй болушту. Кыргызстан үчүн эң башкы геосаясий көйгөй — деңизге түз чыга албагандыгында экени маалым. Учурда курулушу кызуу жүрүп жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Азербайжан үчүн Борбор Азия аркылуу Кытайга түз чыгуучу, ал эми Кыргызстан үчүн Кавказ аркылуу Европага жол ачуучу жаңы глобалдык-логистикалык чынжырдын негизги кесими болуп саналат.
Темир жол курулуп бүтсө, Азербайжан кызуу демилгелеп жаткан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын курамдык бөлүгү болуп калат. Жүктөр Кытайдан чыгып, Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга андан ары Каспий деңизи аркылуу түз Азербайжандын Баку портуна келет. Андан ары Азербайжандын темир жол инфраструктурасы аркылуу Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө ыкчам жетет.
“Борбор Азияны Европа рыноктору менен байланыштырган ортоңку коридордун негизги звенолорунун бири катары Азербайжандын маанилүү ролу белгиленди”, - деди президент Садыр Жапаров.
Сүйлөшүүлөрдүн дагы бир реалдуу жыйынтыгы жөнүндө айта кетели. Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын дээрлик эки эсеге - 200 млн долларга чейин жеткирүү чечимин кабыл алышты. Бул каражаттар эки өлкө аймагында биргелешкен ири долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Дал ушул фонд Кыргызстан менен Азербайжанды бир туугандык мамилелерине экономикалык мазмунду кошуп, жандандыра алды. Инвестициялык фонддун колдоосу менен Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курулду. Түп дарыясында кубаттуулугу 9 МВт болгон чакан ГЭС курулуп жатат. Дагы бир ГЭС Ош облусунун Кулун дарыясында салынууда. Ош шаарындагы заманбап медициналык кардиологиялык борбор да ушул инвестициялык фонддун көмөгү менен курулууда. "Бишкек" эркин экономикалык аймагында Кыргызстандагы биринчи килем заводу иштеп жатат. Бул ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бир нечеси гана.
Уставдык капиталы барган сайын жогорулап жаткан инвестициялык фонд учурда кыргызстандык бизнес үчүн каржылык колдоолордун бир механизми болуп калды. Бул туурасында Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев “Кабар” агенттигине билдирди. Аталган ассоциация Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду менен иштешүүнү макулдашкан.

“Азербайжан бүгүн Кавказдагы биздин эң маанилүү стратегиялык өнөктөштөрдүн бири. Эгер Кытай Кыргызстан үчүн Чыгышка ачылган дарбаза болсо, Азербайжан Кавказ жана Каспий аркылуу Батышка, анын ичинде Европа рыногуна чыккан дарбаза болуп саналат.
Бүгүн эки өлкөнүн кызматташтыгы декларациялар менен эле чектелбей калды. Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп жатат жана анын уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Фонд Кыргызстандагы артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталган жана учурда бир катар долбоорлор каралууда.
Менин оюмча, Борбордук Азия + Азербайжан форматынын негизги баалуулугу – жаңы транспорттук жана инвестициялык көпүрөлөрдү түзүүдө. Кыргызстан логистика, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика жана туризм боюнча биргелешкен долбоорлорду көбөйтө алса, бул эки өлкөнүн экономикасына тең пайда алып келет. Эң негизгиси – биз капиталды гана эмес, жаңы рынокторду жана жаңы өнөктөштүктөрдү да алып келебиз”, - деди Кайрат Итибаев.