Миграция, ишкердик жана 600 сомдук айлык: Маматканов эмне үчүн мамлекеттик кызматка кайткан?

Маек Загрузка... 04 Июнь 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында Сулайман-Тоодо "Кабар подкастка" маек куруп, мамлекеттик кызматтагы жолу, социалдык тармактагы негизги көйгөйлөр, кадр даярдоо маселеси жана башкаруунун жаңы ыкмалары тууралуу кеңири айтып берди.

— 44 жашта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуу деле жеңил эмес. Эң оор делген өлкөнүн социалдык блогун жетектөө сунушу ким тараптан түштү?

Мен буга чейин бир топ жылдар бою социалдык тармакта иштегем. Университетти бүтүп, Бишкекте магистратурада окуп жүргөн кезде Социалдык коргоо департаментинин бош орунга жарыялаган сынагына катышып, өтүп кеттим. Ошондон бери социалдык коргоо тармагында иштеп жүргөм. Акыркы 5 жыл аралыгында аймактардын ишин уюштуруу бөлүмүндө иштеп келгем. Бул кызматка сунуш мага күтүүсүз болду. Мен ойлонуп, элиме кызмат кылууга убакыт келди окшойт деген чечимге келип, сунушту кабыл алдым.

Бул сунуш түшкөн учурда президентибиз Садыр Жапаров Ош облусунун эли менен жолугуп жүргөн. Ошол кезде биз да иш менен Ошто болуп, президенттин сунушун кабыл алдым. Жетекчи болгондон кийин чечим кабыл алууга даяр болушуң керек. Эгер чечим кабыл алуудан корксоң, чечкиндүүлүгүң жок болсо, азыркы учурда жетекчи боло албайсың.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 2024-жылдын көрсөткүчтөрү менен 25,7%ды түзүп, биздин элибиз жакырчылыкта жашап келген. Андан бери бир топ жакшырды деп ойлойм, жаңы маалыматтарды күтүп жатабыз. Негизги максатыбыз — элди иш менен камсыздоо, материалдык абалын жакшыртуу менен жашоо деңгээлин көтөрүү.

— Социалдык өнүгүү жаатындагы эң курч көйгөй деп эмнени эсептейсиз?

Кызматка алгач киришкенде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде биринчи жыйынды социалдык коргоо багытында өткөрдүм. Себеби, калкыбыздын 25,7%ын түзгөн жакыр үй-бүлөлөр ушул министрликте катталган. Биз ошол катмардын жашоо деңгээлин кантип көтөрүүнү талкууладык. Элибизди жакырчылыктан чыгаруунун бир мисалы — президентибиздин демилгеси менен "Социалдык контракт" механизми киргизилген. 150 миң сомдон алып, учурда кирешесин миллион сомго жеткирген үй-бүлөлөр бар.

Биз элге балык бербей, кайырмак беришибиз керек. Ошондо гана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандардын материалдык абалын жакшырта алабыз. "Социалдык контракт" алган 48 миң үй-бүлө деген чоң нерсе, эгер бул үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын жакшырта алсак, демек, жыйынтык бар дегенди түшүндүрөт.

— Мамлекеттик кызматка кадр даярдоо маселесине токтоло кетсеңиз?

Кадр даярдоо маселеси бир нече жылдарды талап кылат. Биз азыр зарыл болгон кадрларды даярдоо менен бирге, келечекти да ойлошубуз керек. Келечекте, 5 жылдан кийин эмне болот, ким келип иштейт? Ушул багытта да узак мөөнөттүү план, программа коюп иштешибиз керек деп ойлойм. Азыр бизде заманбап мектептер, бала бакчалар, ооруканалар курулуп жатат. Бирок ошол багыттарда эртең ким келип иштейт? Ошол себептен тиешелүү министрликтер менен ушул маселелер боюнча сүйлөштүк. Биз токтобостон ишти алып барышыбыз керек.

— Мамлекеттик кызматкерлер рамкага түшүп калган деп башында айтып өттүңүз, эмне себептен ушундай деп ойлойсуз? Мисалы, бизде мамлекеттик кызматкер десе эле кабинеттен чыкпай, чечимдерди кабыл алып же кабыл албай, элди эзет деген сыяктуу түшүнүктөр калыптанып калган. Бул жаатта азыркы абал кандай?

Азыр андай талап жок. Азыркы талап элге жакын, ачык болуу, чечкиндүү болуп, ыкчам чечимдерди кабыл алуу. "Кабинетте отурбай, чыккыла, кыдыргыла, эл менен жолуккула" деген талап катуу коюлган. Кабинетте отуруп элдин чыныгы жашоосун, көйгөйүн билүү кыйын болот. Анткени реалдуу жашоо элдин арасында. Бүгүнкү күндө бардык министрлерге, жетекчилерге ошондой тапшырмалар коюлган.

Сиз айтып кеткен рамка, кабинеттик түзүм илгертеден калыптанып калган классикалык мамлекеттик башкаруу болгон. Эгер биз ошентип отура бере турган болсок, ийгиликтерге жете албайбыз, президентибиз койгон талаптарды аткара албайбыз. Өзүңүздөр көрүп тургандай, айтып да, айтпай да президентибиз объектилерди кыдырып, эл менен байма-бай жолугууда. Демек, мамлекет башчыбыз өзүнүн ушундай иштөө ыкмасын жүргүзүп жатса, биз кабинетте отуруп гана иштөө менен чектелсек, менимче, бул туура эмес.

— Демек, мамлекеттик кызматкер кагаздарга кол коёт, кабинеттен жылбай иштейт деген образ азыр башкача болуп калдыбы?

Азыр биз кагаз иштерин жолдо унаада баратып деле аткарып, кол коюп калганбыз. Техниканын жардамы менен аралыктан иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Жыйындарды деле онлайн режиминде аралыктан өткөрүп келебиз. Аралыктан жыйын өткөрүү маселени бат чечүүгө өтө ыңгайлуу экен. Азыр талап катуу болгону менен иштөө үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.

— Ишмердүүлүгүңүздүн алгачкы жылдары маянасы аз мамлекеттик кызматта сизди эмне кармап келди?

Мектепте окуп жүргөндө эле мен өзүмдү мамлекеттик кызматтан көрүп, мамлекеттик кызматта иштейм деп кыялданчумун. Кийин мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигинде окудум. Андан кийин Социалдык коргоо департаментине ишке киргенимде, 2005–2006-жылдары айлыгым жаңылбасам, 600 сом болчу.

Ал жерде иштеп жүрүп, Бишкекке магистратурага тапшырдым. Андан кийин окуунун төлөмүн кантип төлөйм деген маселе жаралып, окууну да, ишти да токтотуп, мигрант болуп Россияга кеткем. Ал жакта бир жылга жетпеген убакыт иштедим. Ошол учурда Россиядагы досторум мага жеке ишкердик багытында абдан жакшы сунуштарды беришти. Аны да көрдүм, бирок ал меники эмес экен. Менин ордум мамлекеттик кызматта окшойт. Андан соң бул жакка чакыруу болуп, "Кош бол, Москва!" деп келдим да, мамлекеттик кызматымды уланттым. Ошол кезде азыркыдай жумуш орундары көп болсо, миграцияга кетмек эмесмин деп ойлойм.