Мамлекеттик карыз бюджетке жана экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч жаратпайт – эксперттер

Аналитика 169 17 Август 2026 17:30
347211982650817.webp
copyright icon WWW

Статистика – объективдүү маалыматтарга жана эксперттик эсептөөлөргө негизделген көрсөткүчтөр. Сандар менен талашып-тартышууга болбойт дешет. Бирок аларды мисалы, саясий максаттарды көздөп, калкты адаштыруу жана чаташтыруу, өкмөткө болгон ишенимди азайтуу үчүн бурмалап пайдалануу учурлары кездешет. Ошондуктан Кыргызстанда өтө турган маанилүү иш-чаралар – Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, дүйнөлүк лидерлердин Бишкекке сапарлары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алдында коомчулукка тарап жаткан маалыматтарга өзгөчө кылдат мамиле жасоо маанилүү.

Мындан тышкары, ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталарын да эске алуу зарыл. Башкача айтканда, өлкө үчүн тышкы жана ички саясий багыттарда өзгөчө маанилүү процесстер жүрүп жатат. Мындай учурда салтка айлангандай эле өздөрүн "бардык тармактар боюнча адис" катары көрсөткөн ар кандай активисттер интернетте кызуу талкууларды башташат.

Учурда алар тышкы карыз маселесин көтөрүп, карыз Кыргызстандын экономикалык туруктуулугуна коркунуч жарата турган деңгээлге чейин өскөнүн, ошондой эле чет мамлекеттер алдындагы милдеттенмелерди аткара албай калсак, айрым кендерден же аймактардан ажырап калышыбыз мүмкүн экенин, ал тургай эгемендигибизди жоготуп алышыбыз ыктымалдыгын айтып жатышат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасынын абалы тууралуу так маалыматтар жана ишенимдүү фактылар эч кандай негизсиз сенсация жаратууга аракет кылып жаткандарды токтото албай жатат.

Президент Садыр Жапаров тышкы карыз маселеси боюнча бир нече жолу билдирүү жасаган. Өлкө башчысы мурда алынган милдеттенмелер боюнча төлөмдөрдүн абалы, өлкө бардык алынган карыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүгө жөндөмдүү экендиги, ошондой эле карыздын ички дүң продукцияга (ИДП) карата көлөмү көбөйбөстөн, тескерисинче, азайып жатканы тууралуу кеңири түшүндүрмө берген. Президент жалпыга маалымдоо каражаттарына берген ар бир маегинде объективдүү маалыматтарга жана так сандарга таянуу менен кырдаалды сабырдуу жана ырааттуу түшүндүрүп келет.

Акыркы билдирүүсүндө ал маалыматты түшүнө албагандар же ага көңүл бурбагандар үчүн бул маселеге дагы бир жолу токтолду.

5305589151501587662.width-800
"Мен 2020-жылы кызматка келгенде Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү болжол менен 5 млрд долларды түзгөн. Анын курамына ички жана тышкы карыздын экөө тең кирген. Анын ИДПга карата көлөмү болжол менен 70 пайызды түзгөн. Бул 5 млрд доллардын ичинен тышкы карыз 4 млрд 217 млн долларды, ички карыз 708 млн долларды түзгөн. Эми 2026-жылды алалы, жалпы карыз 10 млрд долларга чейин өстү. Бирок анын ИДПга карата көлөмү 37 пайызга чейин төмөндөдү. Эмне үчүн? Анткени ИДПнын өзү өстү. Азыр ИДПнын көлөмү болжол менен 22,5 млрд долларды түзөт. Башкача айтканда, мурда карыз ИДПнын 70 пайызын түзсө, азыр болжол менен 37 пайызды түзөт. Ошондуктан карыз 5 млрд доллардан 10 млрд долларга чейин өстү деп эле айтууга болбойт. Карыздын өлкөнүн экономикасына карата катышын эске алуу керек", - деген Садыр Жапаров.
images (3)

Президент белгилегендей, азыркы учурда Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд 800 млн долларды, ички карызы 4 млрд 800 млн долларды түзөт. Тышкы карыз чындап эле болжол менен 1 млрд долларга өстү. Бирок бул 1 млрд долларды биз Кытайдан алган жокпуз. Биз каражаттарды Европа жана Азия банктарынан жана эл аралык каржы уюмдарынан тартып жатабыз. Акыркы беш жылда Кытайдан бир тыйын да тышкы карыз алган жокпуз. Тескерисинче, Кытай алдындагы карыздын болжол менен 500 млн долларын төлөдүк.

"Мен 2020-жылы кызматка келгенде, Кытайдын Эксимбанкына болжол менен 1 млрд 800 млн доллар карызыбыз бар болчу. Беш жылдын ичинде аны болжол менен 1 млрд 300 млн долларга чейин азайттык. Бул карызды толугу менен 2035-жылга чейин төлөп бүтөбүз. Ал эми азыркы учурда алып жаткан тышкы насыяларга келсек, биз аларды белгилүү бир максаттарга – заводдорго, фабрикаларга, жолдорго, "Камбар-Ата-1" ГЭСине жана башка долбоорлорго багыттап жатабыз. Мисалы, Камбар-Ата-1 ГЭСи болжол менен 12 жылдын ичинде өзүн актайт жана андан кийин бюджеттен бир тыйын да албай, өзүнүн чыгымдарын өзү жабат.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жалпысынан мамлекеттик тышкы карыз болуп эсептелбейт. Бул – коммерциялык долбоор. Анын ар бир катышуучусу өз каражатын салат, андан кийин белгилүү бир мөөнөт ичинде салган акчасын долбоордун эсебинен кайтарып алат.
Мындан башка да долбоорлор бар. Мисалы, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду алалы. Биз жер бөлүп беребиз, завод 15-20 жыл иштеп, өзүн актайт, андан кийин Кыргызстанга өтөт. Ал мындан ары да иштеп, киреше алып келет жана 100 пайыз мамлекетке таандык болот.
Мындай долбоорлорду тышкы карыздын көбөйүшү катары кароого болбойт. Биз Кытай алдындагы тышкы карызды 2035-жылга чейин толугу менен төлөп бүтөбүз. Калган каражаттар заводдорго, фабрикаларга жана инфраструктуралык долбоорлорго багытталууда. Алардын болжол менен 15-20 пайызы жолдорго жумшалышы мүмкүн", – деп түшүндүрдү Садыр Жапаров.

Бул чындыгында эле сандар көп болгондуктан татаал тема. Бирок бул жерде негизги факт – тышкы карыздын абсолюттук көлөмү өскөнү менен, анын ИДПнын көлөмүнө карата катышы тескерисинче, азайган. Анын үстүнө бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге төмөндөгөн.

Бул тенденцияны күнүмдүк турмуштагы эң жөнөкөй мисал менен түшүндүрүүгө болот. Мисалы, сиз айлык маянаңыз болжол менен 7 200 сом болуп турганда кошунаңыздан же кесиптешиңизден 5 000 сом карыз алдыңыз дейли. Мындай учурда сиз кыйналган абалга туш болосуз, анткени күтүлүп жаткан кирешеңиздин 70 пайызы карызды төлөөгө жумшалышы керек болот. Мурдагы абал ушундай болгон.

Кийин сизге маанилүү сатып алуу үчүн 10 миң сом керек болду дейли, бирок бул учурда айлык маянаңыз 30 миң сомдон ашып жатат. Мындай карыздык жүктү көтөрүү эми кыйла жеңил болот.

Белгилүү бир шарттарды жана айырмачылыктарды эске алуу менен, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын акыркы беш жылдан бир аз ашык убакыт ичинде өзгөрүшүн болжол менен ушундай салыштырууга болот.

Өлкөнүн бюджети рекорддук 30 млрд долларга чейин өстү жана бул биздин финансылык мүмкүнчүлүгүбүздүн жана туруктуулугубуздун негизги фактору болуп саналат. Башкача айтканда, экономикадагы кырдаал кыйла жакшырды жана тышкы милдеттенмелердин көлөмү бюджетке, социалдык тармакка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жаратпайт. Албетте, бул жагдайды дагы бир жолу эксперттер талдап чыгышы зарыл. Маселеге чындап кызыгып, анын маңызын түшүнүүнү каалагандар үчүн кененирек түшүндүрмө берилип, мындан ары ар кандай манипуляцияларга алдырбоого шарт түзүлүшү керек. Биз экономикалык эсеп-кысаптар жана сандар менен кесипкөй деңгээлде иштеген адистерге кайрылдык.

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөнүн төлөө жөндөмдүүлүгү жана экономикасынын абалы кандай өзгөргөнү тууралуу кеңири ретроспективдүү маалымат берди.

WhatsApp_Image_2026-08-17_at_14.52.13.width-800
"2005-жылы мамлекеттик карыз 2 млрд доллардын деңгээлинде болгон, ички дүң продукциянын көлөмү да ушундай эле деңгээлде турган. Башкача айтканда, өлкө 100 пайыздык банкрот болуу алдында турган абалда болгон. 2020-жылы карыз ИДПнын 70 пайызына жеткен. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыз болгону 37 пайызды түзөт. Ошондуктан бюджет же экономика боюнча жетиштүү маалыматы жок адамдар маалыматты угуу аркылуу кандайдыр бир тыянак чыгарып, сандарды көп учурда чаташтырып, карыздын абалын туура эмес чечмелеп жатышат.
Азыр биз коопсуз деңгээлде турабыз. Муну эл аралык рейтинг агенттиктеринин маалыматтары да тастыктап турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюта резервдери болжол менен 10 млрд долларды түзөт, мындан тышкары өкмөттүн өзүндө да резервдер бар. Ошондуктан мамлекеттик карыз боюнча жарандарыбызда эч кандай кооптонуу болбошу керек.
Эске сала кетсем, 2020-жылдан бери тышкы карыз алууну кескин түрдө минималдаштырдык. Ал эми ички карыз боюнча алынган каражаттар өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталууда. Бул насыяларды тейлөө өлкөбүздүн ичинде жүргүзүлүп, бизге пайда алып келет. Өкмөт бул каражаттар кайда жумшалганын жана кайсы долбоорлорго багытталганын ачык-айкын көрсөтүп бере алат. Бул каражаттар натыйжалуу жана өзүн-өзү каржылай алган программаларга жумшалууда. Алар узак мөөнөттүү жана туруктуу экономикалык өсүштүн негизги багыттарына айланууда.
Тышкы карызга токтоло турган болсок, аны төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2024-2030-жылдарга туура келет. Бул 2020-жылга чейин алынган тышкы милдеттенмелер боюнча төлөмдөр. Учурда биз жыл сайын болжол менен 500 млн доллар төлөп жатабыз. Экономикабыздын учурдагы абалы бул карыздык жүктү ишенимдүү көтөрүүгө мүмкүндүк берүүдө. Мен бир нерсеге көңүл бургум келет - мурда, бизге чейин алынган айрым насыялар натыйжалуу пайдаланылган эмес. Ошого карабастан, азыр Кыргызстан бул жагдайга ишенимдүү туруштук берип жатат", – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик карызы боюнча маселеге Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев "Кабар" агенттигине комментарий берди.

"Менин түшүнүгүмдө, социалдык тармактарда жана башка платформаларда Кыргызстанды "карызга баткан өлкө" катары көрсөтүп, мамлекеттик карыз темасын көтөрүү аркылуу кимдир бирөөлөр калкка донордук уюмдардан жана атайын эл аралык түзүмдөрдөн өлкөгө келип жаткан каражаттар Кыргызстан үчүн оор жүк деген түшүнүктү сиңирүүгө аракет кылып жатат", – деди ал.

Анын айтымында, ушуга байланыштуу, биринчи кезекте, акыркы жылдары өлкө карыз алуу жана мамлекет тарабынан алынган каражаттарды жаңы наркты түзүүгө жана жаңыланган экономиканы өнүктүрүүгө инвестиция салууга багыттоо саясатын жүргүзүп жатканын белгилөө маанилүү деп эсептейм. Бул жаман эмес, тескерисинче, жарандар үчүн гана эмес, жалпы өлкөнүн экономикасы үчүн да жакшы көрүнүш.

WhatsApp_Image_2026-08-17_at_14.50.36.width-800

Ошондой эле экономист мамлекет мамлекеттик карызды көбөйтүү менен туруктуу экономикалык жана социалдык натыйжа бере турган тармактарга түз инвестицияларды багыттап жатканын белгиледи. Мында инвестициялар туруктуу жана узак мөөнөттүү потенциалы бар инфраструктурага жана долбоорлорго жумшалууда. Мындан тышкары, бюджеттин кирешелери өсүп жатат, бул өлкөнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Мамлекеттик карызды башкаруунун сапаты жакшырып, бизнестин ишкердик активдүүлүгү жогорулап, экспорт өсүүдө жана экономиканын тышкы таасирлерге болгон көз карандылыгы азаюуда. Ошондуктан өлкөнүн өкмөтүнө карата айтылып жаткан сын-пикирлердин реалдуу негизи жок.

"Кыскача түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын өсүшүнө байланыштуу өлкөдө төмөнкүдөй объективдүү жагдайлар түзүлдү. Республика акыры экономиканын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүн масштабдуу түрдө калыптандырууга киришти. Натыйжалар көрүнүп турат, өлкө жылдан жылга экономиканын өсүү темпи жана жашоо деңгээлинин жогорулашы боюнча лидерлердин бири болуп келүүдө. Ошол эле учурда мамлекеттик карыз мурдагыдай жөн гана керектөөгө жумшалбастан, инвестициялардын өсүшүнө жана бизнестин ишкердик активдүүлүгүн жогорулатууга, анын тышкы таасирлерге болгон сезимталдыгын жана көз карандылыгын азайтууга багытталып жатканын белгилей алабыз", - деди ал.

Мындан тышкары, Элебаев ички карыз рыногун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик облигациялар рыногунун кеңейишине, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каражаттарды тартууга, ошондой эле экономиканы каржылоо жана дүйнө жүзү сыяктуу эле биздин өлкөгө да таасир эткен глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн валюталык тобокелдиктерди азайтууга көңүл бурулуп жатканын айтты.

"Биринчи кезекте, каражаттар жөн гана керектөөгө жумшалбай, инвестициялар тартылган инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлор келечекте туруктуулукту камсыз кыла турган жаңы наркты түзүп жатканын көрсөтөт. Ошондой эле өлкөнүн ички карызынын олуттуу өсүшү көпчүлүк жазып жаткандай жаман көрүнүш эмес экенин белгилеп кетүү керек. Тескерисинче, бул жакшы көрүнүш, анткени өлкө эл аралык карыз алууга ылайык келген механизмди эми өзүнүн ичинде түзүп жатат.
Ички карызды туура калыптандыруу шартында өкмөт мамлекеттик облигациялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланат. Алардан түшкөн каражаттар калктын түздөн-түз социалдык маселелерин чечүүгө, ошондой эле социалдык жана инфраструктуралык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Бул багытта биз өнүккөн өлкөлөрдөн олуттуу артта калганыбызды белгилөө керек. Эми бул механизмди эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашыра баштадык", - деди экономист.

Ал белгилегендей, мунун дагы бир оң жагы бар, калк инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү инвесторлордун бирине айланып, өкмөт тарабынан кепилденген инфраструктуралык облигациялар аркылуу экономикага инвестиция салган инвесторлордун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө негиз түзүүдө.

"Дал ушул аркылуу ички карыз тышкы карызга караганда коопсузурак болуп калат. Экономика өсүп жатса, мамлекеттик карыз эмне үчүн көбөйүүдө деген суроо туулат. Бул да көп берилген суроо. Ага жооп жөнөкөй, инфраструктурага болгон муктаждык өсүүдө, ал эми бул үчүн бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү гана жетишсиз. Мындан тышкары, мурдагы милдеттенмелерди кайра каржылоо процесси да жүрүп жатат. Ошондуктан биздин өлкөдө мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу да туруктуу өнүгүүгө муктаж", – деп айтып берди Нурбек Элебаев.