Өлкөнүн 500 мектебинде шахмат ойноо ийримдери уюштурулат

Билим 28 июль 2026 11:55
Өлкөнүн 500 мектебинде шахмат ойноо ийримдери уюштурулат

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. 2026-2027-окуу жылында Агартуу министрлиги бекиткен тизмеге кирген республиканын 500 жалпы билим берүү уюмдарынын 3 жана 5-класстарында шахмат ойноо боюнча ийримдер уюштурулат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, шахмат ойноо боюнча ийримдин апробациялык программасы жана аны ишке ашыруу тартиби министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.