Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: Кыргызстанда курулуш кайсы этапка келди?

Коом 24 Август 2026 16:40
af978664-67f1-428d-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагындагы маанилүү кызматташтык долбоору болуп саналат. Ал Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле бул долбоор Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы транспорттук байланыш үчүн стратегиялык жактан маанилүү долбоор. Бул тууралуу темир жол долбооруна жооптуу “Чайна Рэйлвей Интернэшнл” ЖЧКсынын адиси Манас шаарында уюштурулган кыргыз-кытай пресс-туру учурунда билдирди.

Анын айтымында, темир жол каттамы Синьцзян-Уйгур автономдуу округунун Кашгар шаарынан башталып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстанга кирип, андан кийин Жалал-Абаддан батышка карай жүрүп, Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян шаарында аяктайт.

Адис белгилегендей, Кытайдагы тилкенин курулушуна кытай тарап, ал эми Өзбекстандагы тилкени модернизациялоого өзбек тарап жооптуу. Үч өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан биргеликте түзүлгөн "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы" ЖЧКсы Кыргызстандагы темир жол тилкесине инвестиция, каржылоо, курулуш жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу.

“Кытай тараптан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча EPC- долбоорун ишке ашырууга “Кытайдын мамлекеттик темир жолдору” корпорациясынын курамына кирген “Чайна Рэйлвей Интернэшнл” компаниясы жетектеп жатат”, - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандагы тилкесинин узундугу 304,84 чакырымды түзөт.

Компаниянын өкүлү поезддердин долбоордук ылдамдыгы саатына 120 чакырым экенин айтты. Мында “Торугарт” чек ара станциясы, “Макмал” өткөрмө станциясы жана “Жалал-Абад” чек ара станциясы сыяктуу 20 станция жайгашат.

Ал белгилегендей, трасса Молдо-Тоо, Хайлебейт жана Фергана сыяктуу ири тоо кыркалары аркылуу өтүп, Арпа, Жаман-Даван жана Кичи-Альт өңдүү көптөгөн дарыяларды кесип өтөт.

"Жалпысынан алганда, темир жол өтүүчү жер чыгыштан батышка карай ылдыйлап, бийиктиктин олуттуу өзгөрүүлөрү менен мүнөздөлөт. Курулуш аймагы өтө катаал жаратылыш-климаттык шарттар, анын ичинде бийик тоолуу жана төмөнкү температура, катуу шамал жана татаал метеорологиялык шарттар, ошондой эле жогорку сейсмикалык, кооптуу геологиялык процесстер жана татаал инженердик-геологиялык коркунучтар менен мүнөздөлөт", - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, трасса транспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши, курулуш ресурстарынын жетишсиздиги жана узак кыш мезгили курулушту ого бетер татаалдаштырып, долбоорду өзгөчө татаал инженердик ишке айлантат.

Анын пикиринде, учурда Кыргызстандагы тилкеде убактылуу жолдор жана электр энергиясы менен камсыздоо объекттери толугу менен бүткөрүлүп, ишке киргизилген. 29 жаңы туннелдин 26сында курулуш башталган, 50 көпүрөнүн 40ында курулуш жүрүп жатат жана 107 жол катмарынын 83үндө жумуш иштери жүрүп жатат.

“Долбоорду ишке ашыруу учурунда үч өлкөнүн темир жол куруучулары инновациялык ыкманы ырааттуу түрдө колдонуп жатышат. Иш учурунда төрт бийиктиктин — бийик тоолордун, төмөнкү температуралардын, жогорку геочыңалуунун жана жогорку сейсмикалык жана татаал геологиялык шарттардын, ошондой эле жер кыртышынын өзгөчөлүгү эске алынып, курулушту түздөн-түз жеринде координациялоо сыяктуу негизги техникалык кыйынчылыктарга өзгөчө көңүл бурулууда”, - деди ал.

Адис кошумчалагандай, техникалык изилдөөлөр жана технологияларды өркүндөтүү улантылууда. Натыйжада, тоолуу райондор жана бийик тоолуу аймактар ​​үчүн атайын технологиялык чечимдер иштелип чыкты, анын ичинде туннель жана көпүрө куруу да бар.

Мындан тышкары ал мунун баары тобокелдиктерди натыйжалуу азайтууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана бийик тоолуу жана суук аймактарда темир жол курулушундагы татаал технологиялык кыйынчылыктарды чечүүгө, технологиялык инновациялар аркылуу сапатты жана натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.