Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолундагы көпүрө калыбына келтирилүүдө

Аймак 11 сентябрь 2026 09:20
Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолундагы көпүрө калыбына келтирилүүдө
copyright icon Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолунда сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталды Бул тууралуу Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-майында катуу жааган нөшөрлүү жамгырдан улам аталган унаа жолдун 14-чакырымындагы Балапан-Сай сайында жайгашкан 30 метрлик көпүрөнү сел алып кеткен.

Учурда көпүрөнү кайра калыбына келтирүү боюнча долбоор даярдалып, курулуш иштери башталды. Эми көпүрөнүн узундугу 36 метрге чейин узартылат.

Курулуш иштерин Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын алдындагы Көпүрө куруу мекемеси жүргүзүүдө.