Токмокто архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак 14 сентябрь 2026 11:05
807658667_1865535228190770_4501086195675396220_n.jpg
806491687_3334840396688054_8191299364282333110_n.jpg
806687280_1551595632924814_8577520357476270515_n.jpg
806515847_2317900515613704_1540396053292540240_n.jpg
Алдыга
Артка
807658667_1865535228190770_4501086195675396220_n.jpg
806491687_3334840396688054_8191299364282333110_n.jpg
806687280_1551595632924814_8577520357476270515_n.jpg
806515847_2317900515613704_1540396053292540240_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты ачылды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын курулуш иштери былтыр май айында башталган. Анын жалпы аянты 533 м² түзөт.

Имарат Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен курулду.

Жаңы административдик имаратта жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, "Бирдиктүү терезе"бөлүмү, архив, конференц-зал, кабыл алуу бөлмөсү, бухгалтерия жана кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди.