Кыргызстандын ички жетишкендиктери эл аралык коомчулук үчүн күзгү – эксперт

Маек Загрузка... 15 Июль 2026 12:05
7a767716-71e6-4af8-b028-6ee1ad1067d0.png

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 25 жылдык мааракелик саммитин өткөргөнү турат. Биздин өлкө уюмдун төрагалыгына киришкенден бери ШКУнун ишмердиги тажрыйба жүзүндө көрсөтүлүүсү зарылдыгын белгилеп келет. Кыргызстандын жеке аракетине жана демилгелерине эл аралык коомчулук тарабынан жогору баа берилүүдө. Инвестиция, ири эл аралык долбоорлор, жаңы кызматташуулар жана өнөктөштөр — ошол баанын башкы көрсөткүчү. Эл аралык мамилелерди жана дүйнөлүк экономиканы изилдеген окумуштуу, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин эксперти Замир Айылчиев тышкы саясатка өлкөдөгү ички өзгөрүүлөр күзгү болуп жатканын айтат.

WhatsApp Image 2026-07-15 at 11.09.12

— Замир Айылчиевич, мамлекеттин ички ишмердигинин тышкы саясатка таасири канчалык?

— Албетте, тышкы саясат — өтө маанилүү стратегиялык багыт. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттин башына келгендеги биринчи кадамдарынын бири тышкы саясатты жогорку деңгээлге чыгаруу болгон. Мында өлкө башчынын жеке аракетин белгилеп кетүү керек. 2021-жылы Садыр Жапаров президент катары биринчи мамлекеттик иш сапары менен Россияга барганда, мен протокол кызматында иштечүмүн. Мурдагы башчылар диаспоралар менен жолугушкан менен көйгөйлөр тыңгылыктуу чечилчү эмес. Садыр Жапаров жолугушуу учурунда маселелердин баарын өзү жазып алып, бүт чечип берди. Мени таң калтырганы, кыргыз-орус бизнес форуму өтүп, президенттин жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда көптөгөн маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Мындай натыйжалуу жүрүштөр Түркия, Казакстан, АКШ, деги эле президент барган бардык мамлекеттерде кайталанды. Ошол аракеттер бүгүн жемишин берип жатат. Мамлекеттин ички көрүнүшү тышкы саясатка күзгү болуп эсептелинет. Ошого карап эл аралык коомчулук бизге көңүл бурууда. Булардын баарынын артында президент Жапаровдун жеке активдүүлүгү турат. БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүккө талапкерликке чейин жеттик.

WhatsApp Image 2026-07-15 at 11.14.18

— Бул аракеттердин эл аралык экономикалык дипломатияны чыңдоодогу ролу кандай болду?

— Президенттин инвестиция тартууга башынан эле кызыгуусу чоң болчу. Жогоруда белгиленген аракеттер бир гана саясий дипломатияны эмес, экономикалык дипломатияны да өзгөчө чыңдайт. Бийликтин командасы, жаңы идеялары жана демилгелери аркылуу бүгүнкү күнү тышкы саясатта өзүбүздүн татыктуу ордубузду таптык. Буга чейин ондогон жылдар бою Европа биримдиги менен мамилебиз солгун болуп келген. Азыркы ийгиликтүү жыйынтыктар — президенттин саясий чечкиндүүлүгүнүн натыйжасы. Дүйнө коомчулугу Кыргызстанга көбүрөк көңүл буруп, ишеним артууда. Анын арты менен инвестициялык климат жакшырып жатат. Кыргызстанга Жапаровдун доорундагыдай ири инвестициялык агым мурда эч качан келген эмес.

WhatsApp Image 2026-07-15 at 11.15.32

— Буга чейин инвесторлор өлкөгө эмнеге келген эмес?

— Ойлоп көрсөк, буга чейин инвесторлордун келбегенине бир эле негизги себеп болгон. Мамлекет аларга коопсуздук жана туруктуулук боюнча кепилдик бере алган эмес. Акыркы жылдары, биринчиден, коррупцияга каршы абдан катуу саясат жүрдү. Эл аралык эксперттер мамлекетте коррупциянын төмөндөшү мамлекет башчынын саясий чечкиндүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды экенин дайыма белгилешет. Кыргызстандын президентке караштуу Антикоррупциялык ишкерлик кеңеши ушул багытка түздөн-түз таасирин тийгизип, инвестициялык климатты жакшыртууда жана өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын жогорулатууда чоң өбөлгө түздү.

Экинчиден, салык саясаты жогорку деңгээлге чыкты десем жаңылышпайм. Толук ачыктык камсыздалууда. Бир эле блогерлерди алсак, алар салыктан бошотулуп, келечекте аларды системага киргизүү иштери жүрүп жатат. Европанын завод, фабрикалары жок мамлекеттеринде да дал ушундай салык системасы эң мыкты жолго коюлган. Кыргызстанда мамлекеттик кызматчылардын айлык акысынын үзгүлтүксүз көбөйүп жатышы да коррупцияны азайтуунун бирден-бир жолу жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуунун натыйжалуу куралы болуп саналат. Бул жетишкендиктердин баары — комплекстүү иштердин жемиши.

Дагы бир нерсени белгилеп кетейин: биздин экономиканын өсүүсүнө карапайым калк да чоң салымын кошуп жатат. Президент өзү айыл жерлерин кыдырып, Зардалыга чейин барып, элдин арыз-муңун угуп, көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө. Мунун арты менен жеке сектор жана бизнес ишенимдүү өнүгүп жатат.

1089089252_0_50_1280_770_1920x0_80_0_0_4a4bd402b41d53c4ceaf194dd2d483e8.jpg

— Бул аракеттер инвесторлор үчүн да жагымдуу белги болуп бере алабы?

— Албетте, инвесторлорго бардык жагынан ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 1,5 трлн сомду түздү. Бул болуп көрбөгөндөй тарыхый көрсөткүч. Биз ушуну менен гана токтоп калбашыбыз керек. Азыр өзгөчө Кытай жана коңшу өлкөлөр менен алака жакындашып, ири инвестициялардын келүүсүнө жол ачылды. Маселен, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан өлкөгө жарым миллиард доллардын тегерегинде таза киреше түшөт деп күтүлүүдө, менимче, бул сумма мындан да жогору болот. Аталган темир жол салынган соң, Россияга багытталган миграция агымы акырындап Европа тарапка да багыт алат деген ойдомун. Эгер Россиядан эмгек мигранттары жылына орточо 2 млрд доллар которсо, европалык иш берүүчүлөрдөн түшкөн каражат 4 млрд долларга чейин жетиши ыктымал. Анткени ал жакта эмгек акы бир топ жогору.

WhatsApp Image 2026-07-15 at 11.10.36

Биз Швейцариянын, Грузиянын туризмине суктанып келген болсок, бүгүн Жыргалаңда, Ала-Арча капчыгайында ири туристтик долбоорлор ишке ашууда. Жаңы заманбап учактар алынып, кыргыз авиациясы Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Бул да туризм үчүн эң сонун шарт. Жасалма интеллектти өнүктүрүү, санариптештирүү жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Жаңы "Ош" базары курулуп, чөлкөмдө теңдеши жок чоң спорт стадиону бой көтөрүүдө. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өлкөбүздө өткөнү турат. Бул ийгиликтерге биздин жарандар да өз салымын кошуусу керек. Биз өлкөгө келген ар бир инвесторго сый-урмат менен мамиле кылууну үйрөнүшүбүз зарыл, бул өлкөнүн жалпы кирешесине түздөн-түз таасирин тийгизет.