Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары 20-августтан тартып Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип, Кытайдын Мамлекеттик миграция башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.
Сагынбек Абдумуталип түшүндүргөндөй, Кытайга 10 күнгө чейин визасыз баруунун жалгыз шарты бар: кайра Кыргызстанга кайтуусу үчүнчү өлкө аркылуу өтө турганын тастыктаган авиабилети болушу керек.
“Кыргызстандык жаран Пекин же Шанхай же Кытайдын башка бир шаарына визасыз баргысы келсе, ал жакка авиабилетти түз алып, ал эми 10 күн өткөндөн кийин Кыргызстанга кайта турган авиабилетин кошуна өлкөлөр аркылуу каттам менен алганы жетиштүү.
Мисалы, Шанхай - Алма-Ата - Бишкек же Пекин - Ташкент - Ош деген сыяктуу. Кытайга бара жатканда тизмеде көрсөтүлгөн 65 пункттун бирине түз учууга болот.
Мындан тышкары, Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди. Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөмдөрдү жасоодон, виза алуу үчүн документ топтоо, консулдук кызматка барууга убакыт коротуудан арылат.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди бир тараптуу киргизип жатат. Кытай жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө, мурдагыдай эле, виза талап кылынат. Мамлекеттер өз өлкөсүнө чет мамлекет жарандарынын визасыз жүрүүсүнө уруксат берерден мурда ал өлкөнү ар тараптан талдап чыгат.
Кытай тарап бул чечимди кабыл алууда эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин, реформалардын жыйынтыктарын, Кыргызстандагы коопсуздукту жана коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылууну, экономикалык өсүштү, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо процессине толук көзөмөлдүн орнотулгандыгын эске алды деп ойлойбуз. Бул чара соода жана туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт деп ишенем”, - деп билдирди жыйынтыгында Сагынбек Абдумуталип.