Физика боюнча эл аралык олимпиада: Беш окуучу тең байгелүү кайтты

Билим Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 16:20
745393922_1793077205391893_7113790659389812144_n.jpg
745334094_2151373262100373_1885515813831359543_n.jpg
747505302_2860650050978602_8079422335932721959_n.jpg
747604486_1013379481289614_8411009283771050536_n.jpg
747903881_1420632369896772_9112810010785839892_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхый рекорддук жыйынтык көрсөттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, олимпиадага катышкан бардык 5 окуучу тең куру кол кайткан жок. Анын ичинен:

  • Темирхан Салиев ("Газпром Кыргызстан") - күмүш медаль (бул өлкө үчүн акыркы 19 жылдагы алгачкы күмүш байге. Акыркы жолу мындай ийгилик 2007-жылы катталган);
  • Аскар Абдиев (AIMS Razzakov) - коло медаль;
  • Айтегин Эмилбеков ("Газпром Кыргызстан") - коло медаль;
  • Ахмед Абылаев ("Сейтек-СТЕМ") - коло медаль;
  • Нурбол Мырзабеков ("Маариф") - Ардак грамота.
"Бул жеңишке чейин Кыргызстандын тарыхында болгону 2 күмүш медаль бар болчу, эми алардын саны 3кө жетти. Жалпы өлкө боюнча медалдардын куржуну 3 күмүш, 17 коло жана 27 ардак грамота менен толукталды", - деп айтылат маалыматта.