Шанхайды багынткан жаш математиктер: Кыргызстан ТОП-40 өлкөнүн катарына кирди

Билим 21 Июль 2026 10:50
751549791_1954181575156526_8384387707151611105_n.jpg
750483527_1066912262456179_7410573408232503792_n.jpg
752515009_2381652655656372_4784682161498140054_n.jpg
Алдыга
Артка
751549791_1954181575156526_8384387707151611105_n.jpg
750483527_1066912262456179_7410573408232503792_n.jpg
752515009_2381652655656372_4784682161498140054_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын математика боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Шанхай шаарында өткөн эң абройлуу 67-эл аралык математика олимпиадасында (IMO) тарыхый ийгиликти кайталады.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн 666 окуучу катышкан таймашта кыргызстандык окуучулар 3 күмүш, 2 коло медаль жана 1 Ардак грамота утуп алышты.

Бул жыйынтык менен Кыргызстан 35-орунду ээлеп, катары менен үчүнчү жыл дүйнөдөгү эң күчтүү 40 команданын катарына кирди.

Медаль уткандар:

  • Акимов Ари – күмүш медаль ("Газпром Кыргызстан", 8-класс)
  • Саят Арлан – Күмүш медаль ("Газпром Кыргызстан", 8-класс)
  • Бобрус Ян – күмүш медаль ("Газпром Кыргызстан", 10-класс)
  • Мусаходжаев Султан – коло медаль ("Маариф", 10-класс)
  • Акенеев Тимур – коло медаль ("Газпром Кыргызстан", 11-класс)
  • Абдувалиев Бектен – Ардак грамота ("Силк Роуд Эдюкейшн", 8-класс)

Кыргызстан бул олимпиадага 1993-жылдан бери катышып келет жана жалпы 27 медалга ээ болгон. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе – анын 14 медалы акыркы 3 жылда утуп алынган. Агартуу министрлиги жаш математиктерди, алардын устаттарын жана ата-энелерин бул чоң жеңиши менен куттуктады!