Кыргызстанда вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү күчөтүлүүдө

Билим Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 12:40
IMG_20260728_110308.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 28-июлда Вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул күндүн максаты – гепатит ооруларына көңүл буруу, алардын алдын алууга, эрте аныктоого жана убагында дарылоого болорун элге түшүндүрүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

“Биздин милдет – ар бир адам өзүнүн статусун билүүгө, өз убагында медициналык жардам алууга жана ден соолугун сактоого мүмкүнчүлүк түзүү”, - деп белгиледи Гүлбара Ишенапысова.

Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2030-жылга чейин вирустук гепатиттерди адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан оорулардын катарынан чыгарууну максат кылып жатканын белгиледи. Кыргызстан бул демилгени колдоп, ага жетүү багытында ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат.

Орун басардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан төмөнкү чаралар каралууда:

  • В гепатитине каршы акысыз эмдөө жана экспресс-тестирлөө;
  • акысыз текшерүүдөн өткөрүү;
  • вирустук гепатиттерди акысыз дарылоо.