Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Балык өнөр жай комплекси департаментинин кызматкерлери Москва районунун Петровка айылында жайгашкан "Био жем" балык тоютун өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш сапардын алкагында адистер өндүрүштүк цехтерди кыдырып, балык тоютун даярдоо технологиясы, чийки заттын сапаты жана даяр продукциянын курамы менен таанышышты. Ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, лабораториялык көзөмөлү жана продукцияны рынокко жеткирүү механизмдери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата мекендик балык чарбасын сапаттуу тоют менен камсыз кылуу жана тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мындай иш сапарлар балык өнөр жайын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин балык тоюту өндүрүлгөн "Тянь-Шань форель" ЖЧКсына атайын пресс-тур уюштурулуп, ишканын өндүрүштүк кубатуулугу, өндүрүлгөн тоюттун сапаты тууралуу маалымат берилген.