Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Панфилов районундагы "Тянь-Шань форель" ЖЧКсы күнүнө 40 тоннага чейин балык тоютун өндүрүүдө. Бул тууралуу заводдун директору Султанбек Акматов билдирди.
Анын айтымында, заводдун курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 5 млн долларды түзөт. Өндүрүш объектиси болжол менен 7 гектар жер тилкесине курулган.
"Завод толук кубаттуулукта иштеген учурда суткасына 100-130 тонна балык тоютун өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Ишкана ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Азырынча балык тоюттары жергиликтүү керектөөчүлөргө сыноого берилүүдө. Бизден чыгарылган тоют абдан сапаттуу. Келечекте коңшу өлкөлөргө жана Россияга чейин экспорттойбуз деген пландарыбыз бар", - деди ал.